# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-мартындагы № 173-т (Мамлекеттик менчикте турган жер тилкесин чет өлкөлүк инвесторлорго пайдаланууга берүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-мартындагы № 173-т (Мамлекеттик менчикте турган жер тилкесин чет өлкөлүк инвесторлорго пайдаланууга берүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 173-р
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042777>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19719/edition/49439/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042777.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-мартындагы № 173-т (Мамлекеттик менчикте турган жер тилкесин чет өлкөлүк инвесторлорго пайдаланууга берүү жөнүндө) тескемеси (17.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042777

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 17-марты № 173-т

Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 8-беренесинин 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 «Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобонун 6-пунктунун «г» пунктчасынын экинчи абзацына, 78-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. «Шаньси көмүр ташуу жана сатуу боюнча автотранспорт компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомуна (100 % чет өлкөлүк компаниянын үлүшү) Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Семиз-Бел айылынын № 249 жана № 250 контурларында жайгашкан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясындагы жалпы аянты 2,0 га болгон, мамлекеттик менчикте турган жер тилкеси ижара келишимин андан ары узартуу мүмкүндүгү менен 15 жылдык мөөнөткө ижара шартында убактылуу пайдаланууга берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте:

1) жогоруда аталган жер тилкесине «Шаньси көмүр ташуу жана сатуу боюнча автотранспорт компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коому менен ижара келишимин түзсүн;

2) ижара төлөмдөрүнүн республикалык бюджетке ижара келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык өз убагында төлөнүшүн контролдоону камсыз кылсын, аткарылбаган учурда келишимди бир тараптуу тартипте бузсун.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик «Шаньси көмүр ташуу жана сатуу боюнча автотранспорт компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомуна жогоруда аталган жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугун белгиленген тартипте каттасын.

4. «Шаньси көмүр ташуу жана сатуу боюнча автотранспорт компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомуна жогоруда аталган жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдалануу сунушталсын.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
