# Кожомкул айылдык кеңешинин 2025-жылдын 13-ноябры № 01-5/51 "Кожомкул айылындагы жалпы билим берүү орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кожомкул айылдык кеңешинин 2025-жылдын 13-ноябры № 01-5/51 "Кожомкул айылындагы жалпы билим берүү орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-5/51
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042747>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53038/edition/49412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042747.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кожомкул айылдык кеңешинин 2025-жылдын 13-ноябры № 01-5/51 "Кожомкул айылындагы жалпы билим берүү орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндө" токтому (13.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042747

---

КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 13-ноябры № 01-5/51

Кожомкул айылындагы жалпы билим берүү орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы №519 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-марты №159 токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 “Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө” токтомуна ылайык. Кожомкул айылдык кеңеши чечим кылат;

ТОКТОМ:

1. Кожомкул айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-июнундагы №01-5/30 Токтому жокко чыгарылсын.

2. Кожомкул айылындагы жалпы билим берүү орто мектеби “Насыр Байтурсунов ” атындагы жалпы билим берүү мектеби” деп аталсын.

3. Кожомкул айыл өкмөтү мектептин атын атоо боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен иш алып барсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кожомкул айыл өкмөт башчысы З.Т. Кожембердиевке жүктөлсүн.

Төрага

Мураталиев У.М.
