# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын улуттук телекоммуникация операторлору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын улуттук телекоммуникация операторлору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042671>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52972/edition/49332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042671.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын улуттук телекоммуникация операторлору жөнүндө" токтому (13.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042671

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 13-февралы № 104

Кыргыз Республикасынын улуттук телекоммуникация операторлору жөнүндө

Маалыматтык суверенитетти чыңдоо, Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялык инфраструктурасын туруктуу өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 1, 134-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын улуттук телекоммуникация операторлору болуп аныкталсын:

1) "Акнет" жоопкерчилиги чектелген коому;

2) "Альфа Телеком" жабык акционердик коому;

3) "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому;

4) "Скай Мобайл" жоопкерчилиги чектелген коому;

5) "ЭлКат" жоопкерчилиги чектелген коому.

2. Улуттук телекоммуникация операторлору Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 134-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларды тийиштүү жылдарга республикалык бюджеттен мамлекеттик органдарга бөлүнүүчү каражаттардын чегинде ишке ашырат.

3. Улуттук телекоммуникация операторлорунун санариптик чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъекттери менен иштөө жана өз ара аракеттенүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
