# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 124-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 726-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 124-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 726-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 124-т
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042637>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19716/edition/49297/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042637.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 124-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 726-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси (27.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042637

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 27-февралы № 124-т

Жаңы автобекет ачылганга чейин Бишкек шаарынын жана жанаша жайгашкан райондордун аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу системасынын туруктуу жана натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 726-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Жаңы автобекет иштеп баштаганга чейин Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү уюштурат деп белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айыл аймагында жайгашкан "Ак-Кула" муниципалдык ишканасынын жаңы ипподромунун аймагында (ЖКККББ постуна жакын жердеги айыл чарба багытындагы жерлер) төмөнкүлөрдү тейлөө жана жөнгө салуу үчүн убактылуу автостанцияны:

- батыш, түндүк-батыш жана түштүк-батыш багыттарындагы шаар четиндеги жана облус ичиндеги маршруттарды;

- эл аралык автобустук маршруттарды, Талас облусуна жана түштүк региондорго багытталган автобустук маршруттарды;

2) Бишкек шаары, Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегинде жайгашкан "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасынын аймагында чыгыш багытындагы, анын ичинде Ысык-Көл жана Нарын облустарына багытталган автобустук маршруттарды тейлөө жана жөнгө салуу үчүн автостанцияны;

3) Бишкек шаары, Жибек Жолу проспекти, 263 дарегинде жайгашкан Чыгыш автобекетинин аймагында Чүй облусунун чыгыш, түндүк-чыгыш жана түштүк-чыгыш багыттарындагы шаар четиндеги жана облус ичиндеги маршруттарды тейлөө жана жөнгө салуу үчүн убактылуу автостанцияны.";

2) 4-пунктта:

үчүнчү абзацта "убактылуу автостанцияларды" деген сөздөр "автостанциялардын иштөөсүн" деген сөздөргө алмаштырылсын; төртүнчү абзацта "убактылуу автостанциялардын аймагында жүргүнчүлөрдү, айдоочуларды жана убактылуу автостанциялардын кызматкерлерин тиричиликтик жана техникалык тейлөө объекттеринин иштөөсүн камсыз кылуу боюнча" деген сөздөр "ушул тескеменин 3-пунктунда көрсөтүлгөн автостанциялардын аймагында жүргүнчүлөрдү, айдоочуларды жана убактылуу автостанциялардын кызматкерлерин тиричиликтик жана техникалык тейлөө объекттеринин иштөөсүн оперативдүү камсыз кылуу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- көрсөтүлгөн автостанциялардын аймагында коммерциялык иш жүргүзгөн ишкердик субъекттери менен ижара келишимдерин түзүүнү камсыз кылуу;";

3) 5-пунктта:

үчүнчү абзацта "Военно-Антоновка айыл аймагында" деген сөздөр "Кожомкул айыл аймагында" деген сөздөргө алмаштырылсын; төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Бишкек шаары, Жибек Жолу проспекти, 263 дарегинде жайгашкан Чыгыш автобекетин Чүй облусунун чыгыш, түндүк-чыгыш жана түштүк-чыгыш багыттарындагы автобустук маршруттарды тейлөө жана жөнгө салуу боюнча убактылуу станциялык курулма катары аныктасын;".

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
