Жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана курстарды өткөрүү жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна тиркеме)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-мартындагы № 162 токтомуна)
Жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана курстарды өткөрүү жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо жаштар чөйрөсүндө (35 жашты кошуп алганга чейинки курактагы жаш ата-энелер) үй-бүлө институтун чыңдоого жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтууга багытталган жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуунун жана курстарды өткөрүүнүн тартибин жөнгө салат.
2. Жаш ата-энелерди мамлекеттик колдоо алардын муктаждыктарына ылайык окутуу аркылуу жүзөгө ашырылат.
3. Окутуу программалары үй-бүлө институтун бекемдөөгө жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтууга багытталган курстарды камтыйт. Программаларда каржылык сабаттуулукту жогорулатууга, натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле үй-бүлөдө гармонияга жетишүү жана анын мүчөлөрүнүн ортосунда өз ара ишенимдүү жана сергек мамилелерди түзүү үчүн эмоционалдык интеллектти өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
4. Жаш ата-энелерди окутуунун алкагында жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган):
1) жаш ата-энелерди окутуу чөйрөсүндө үй-бүлөнүн институтун бекемдөө, финансылык сабаттуулук, үй-бүлөлүк бюджетти пландоо, санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, социалдык коргоо жана психологиялык колдоо маселелерин өзүнө камтыган методикалык документтерди иштеп чыгат жана макулдашат;
2) жыл сайын окутуунун натыйжалуулугунун сандык жана сапаттык индикаторлорун бекитет;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), социалдык кызматтар, аялдар кеңештери, жаштар комитеттери жана башка уюмдар аркылуу андан ары ишке ашыруу үчүн курстун туруктуулук стратегиясын иштеп чыгат;
4) жаш ата-энелерди окутууга мамлекеттик социалдык заказды түзөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырат;
5) жаш ата-энелерди окутуу чөйрөсүндө статистикалык отчеттуулукту түзөт;
6) жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жарандарга жаш ата-энелерди окутуу маселелери боюнча консультациялык, методикалык жана маалыматтык жардам көрсөтөт;
7) башка мамлекеттик органдар жана коммерциялык эмес уюмдар менен макулдашуу боюнча жаш үй-бүлөлөр үчүн семинарларды жана конференцияларды, ошондой эле ата-энелик жана үй-бүлөлүк жашоонун ар кандай аспектилерин чагылдырган маалыматтык материалдарды жана брошюраларды иштеп чыгат.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жаш ата-энелерди окутууну комплекстүү өткөрүүнү уюштурууга;
2) жергиликтүү мамлекеттик администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, алардын карамагында турган юридикалык жана жеке жактардан берилген ыйгарым укуктардын чегинде маалыматтарды суроого жана алууга;
3) жаш ата-энелерди окутууну өткөрүү үчүн жай берүү бөлүгүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жардам суроого.
6. Ушул Жобону ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар жаштар саясатын ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2-глава. Жаш ата-энелерди окутууну уюштуруунун тартиби
7. Жаш ата-энелерди окутуу жумуш ордунда узактыгы эки күндүк кыска курстар түрүндө өткөрүлөт.
8. Аз камсыз болгон жаш үй-бүлөлөр окуудан өтүүдө артыкчылыктуу укукка ээ.
Аз камсыз болгон жаш үй-бүлөлөр жөнүндө маалымат эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ырасталат.
9. Жаш ата-энелерди окутууну уюштуруу процесси үчүн жоопкерчиликти ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тартат.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жаш ата-энелерди уюштуруу жана окутуу маселелери боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет.
11. Райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жаш ата-энелерге маалымдоо аркылуу окутуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көмөк көрсөтөт.
12. Билим берүү уюмдарынын ишине жатпаган тиешелүү чөйрөлөрдө көндүмдөрдү, билимдерди жана тажрыйбаларды алууга мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган жаш ата-энелерди окутууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жаштар уюмдары жүргүзүүгө укуктуу.
13. Окуудан өткөндүгү окууга катышуу жана өтүү жөнүндө сертификат менен ырасталат.
14. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жаш ата-энелерди окутууну өткөрүү процессине мониторингди жана контролдоону, ошондой эле окутуунун натыйжалуулугун баалоону жүзөгө ашырат.
15. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үй-бүлө институтун чыңдоо жана жаш ата-энелерди окутуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө ар жылдык отчетту өзүнүн расмий сайтында сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүн көрсөтүү менен жарыялайт. Отчеттун формалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
16. Окуу программасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашылат.
3-глава. Уюштуруучулук негиздер
17. Мамлекеттик органдар жана ведомстволук уюмдар өздөрүнүн кызматкерлеринин ичинен окутууну пландоо, уюштуруу жана өткөрүү үчүн жооптуу адамдарды дайындайт.
18. Окуу курсунун алкагында билим алуучулардын муктаждыктарына жараша жеке да, топтук да сабактар өткөрүлүшү мүмкүн.
19. Сабактарды өткөрүү үчүн билим берүү, укук, психология, медицина жана социалдык иш жаатындагы квалификациялуу адистер, ошондой эле кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу менен мугалимдер тартылат.
20. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте билим берүү, укук, психология, медицина жана социалдык иш жаатындагы тартылган адистерге талаптарды бекитет.
21. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган окутуунун натыйжалуулугун баалоо максатында сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр боюнча мониторинг жүргүзөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.