# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-марты № 162 "Жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана курстарды өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-марты № 162 "Жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана курстарды өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042596>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230042596/edition/49242/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042596.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-марты № 162 "Жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана курстарды өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (09.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042596

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 9-марты № 162 Жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана курстарды өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана курстарды өткөрүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) тиешелүү жылдарга бекитилген каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 18 (3778) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
