# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-марты № 148 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин компетенциясына кирген мамлекеттик маанидеги айрым документтерди жекелештирүү маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-марты № 148 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин компетенциясына кирген мамлекеттик маанидеги айрым документтерди жекелештирүү маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 148
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042590>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52900/edition/49230/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042590.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-марты № 148 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин компетенциясына кирген мамлекеттик маанидеги айрым документтерди жекелештирүү маселелери жөнүндө" токтому (05.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042590

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 5-марты № 148 Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин компетенциясына кирген мамлекеттик маанидеги айрым документтерди жекелештирүү маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктунун 3-пунктчасына жана 4-пунктунун 1-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесине төмөнкүлөрдү жекелештирүүгө ыйгарым укук берилсин:

1) Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторун;

2) Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

4-пунктта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесине" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспорттору жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 9-тиркемесинин 7, 16-пункттары.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 18 (3778) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
