# Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 74/10-29 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 74/10-29 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 74/10-29
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042557>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52881/edition/49208/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042557.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 74/10-29 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтому (10.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042557

---

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН Х КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

2025-жылдын 10-октябры № 74/10-29

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, 2025-жылдын 25-сентябрындагы Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын № 1 Протоколундагы тапшырмаларга жана календардык планына ылайык, Орловка шаарынын кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. IV Элдик Курултайга делегатты шайлоо үчүн Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү коомдоштуктарынын жыйыны 2025-жылдын 01-ноябрында Орловка шаарынын маданият үйүндө өткөрүлсүн.

2. Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү коомдоштуктарынын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бекитилген квотага ылайык жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучулардын жалпы саны - 50, IV Элдик Курултайга – 1 делегат деп белгиленсин.

4. 2025-жылдын 01-ноябрындагы жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучуларды тандоо үчүн Орловка шаарынын мэриясынын кварталдарында чогулуштарды өткөрүү графиги 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. Орловка шаарынын мэриясы тарабынан жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын уюштурууга жана каржылоого байланышкан маселелерге көмөк көрсөтүлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышы жумушчу топко жүктөлсүн.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Төрага

М.И. Токтакунов

Орловка шаарынын кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 74/10-29 токтомуна 1-тиркеме

Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү коомдоштуктарынын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы: Токтакунов М.И.- Орловка шаардык кеңешинин төрагасы; Абыкеева Н.К.- Орловка шаардык кеңешинин жооптуу катчысы; Жумушчу топтун мүчөлөрү: Орловка шаардык кеңешинин депутаттары; Орозбеков Н. - Орловка шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча адиси-Орловка шаарынын жаштар комитетинин мүчөсү; Тологонов К.А.- Орловка шаардык маданият үйүнүн директору;

Жооптуу катчы

Н.К. Абыкеева

Орловка шаарынын кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 74/10-29 токтомуна 2-тиркеме

2025-жылдын 01-ноябрындагы жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучуларды тандоо үчүн Орловка шаарынын мэриясынын кварталдарында чогулуштарды өткөрүү ГРАФИГИ

№

Күнү

Убактысы

Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучулардын саны

Өткөрүү жери

Жооптуулардын аты-жөнү

1

17.10.2025

18:00

5

Заводская-Кирпичная көч. кесилиши (№1 квартал)

Токмергенова К.И., Афанасенко И.М.

2

17.10.2025

18:00

5

“Металлург” дүкөнү ( №2 квартал)

Кабаева А.А., Мамырканов У.У.

3

18.10.2025

17:00

5

Горький-Пионерская көч. кесилиши ( №3 квартал)

Суюмбаев А.И., Садвакасов М.Н.

4

18.10.2025

17:00

5

Московская –Арычная көч.кесилиши (№4 квартал)

Бекен уулу У., Сатыбалдиева М.К.

5

18.10.2025

17:00

5

Некрасова-Веселая көч. кесилиши (№5 квартал)

Шакун Г.В, Мусаев Р.К., Дюшалиев А.К.

6

18.10.2025

17:00

5

Правда-Некрасова көч.кесилиши (№6 квартал)

Галиев Н.Ш., Маликов Ш.Р. Тентиева Ж.Б.

7

18.10.2025

17:00

6

Калинина-Свердлова көч. кесилиши (№7 квартал)

Токтакунов М.И. Токтакунов Н.Д.

8

18.10.2025

17:00

6

Суворова-Фрунзе көч.кесилиши (№8 квартал)

Мамедов Х.С., Ашымбекова Р.А.

9

17.10.2025

17:00

5

Подгорное айылы Маданият үйү (№9 квартал)

Сарбаев Д.С.

10

17.10.2025

17:00

3

Кашка айылы, эски бала бакча (№10 квартал)

Абираев А.А, Дженбеков Р.Ш.

Жооптуу катчы

Н.К. Абыкеева
