# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042551>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52876/edition/49189/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042551.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (12.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042551

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 12-февралы № 91

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 103-беренесин ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринде:

- 4-главада:

77-82-пункттарда "КРПИБ караштуу ТКАККМБ" деген сөздөр "КРПИБ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;

- 5-главада:

42-пункт "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери" деген графада "ЮМ" деген аббревиатурадан кийин ", УКМК" деген сөздөр менен толукталсын; 67, 67-1-пункттарда "КРПИБ караштуу ТКАККМБ" деген сөздөр "КРПИБ" деген аббревиатурага алмаштырылсын; 70-75-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 86-пункт менен толукталсын: "

86

Электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу

СӨИТМ

СӨИТМ

Акы төлөнөт

";

- 6-главада 36-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- кыскартуулардын тизмесинде:

алтынчы, он тогузунчу абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: "УКМК - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
