# Жээк айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январы № 94/XX-29 "Дмитриевка айылын Эсиркемиш айылы деп кайра атоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жээк айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январы № 94/XX-29 "Дмитриевка айылын Эсиркемиш айылы деп кайра атоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 94/ХX-29
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042537>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52863/edition/49175/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042537.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жээк айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январы № 94/XX-29 "Дмитриевка айылын Эсиркемиш айылы деп кайра атоо жөнүндө" токтому (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042537

---

ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 23-январы № 94/XX-29 Дмитриевка айылын Эсиркемиш айылы деп кайра атоо жөнүндө

Жээк айылдык аймагынын тургундарынын 2025-жылдын 30-декабрындагы Дмитриевка айылын кайра атоо жөнүндө кайрылуусун, 2026-жылдын 22-январындагы жарандардын жыйынынын жыйынтыгын карап чыгып, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерин, «Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Жээк айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дмитриевка айылын Эсиркемиш айылы деп кайра атоого макулдук берилсин.

2. Дмитриевка айылын кайра атоо боюнча тийиштүү документтер мыйзамда белгиленген тартипте андан ары кароо үчүн Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

3. Жээк айылдык кеңешинин жооптуу катчысына:

- бул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрүү;

- бул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүү тапшырылсын.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Жээк айылдык кеңешинин төрагасы К.К. Шаршеналиевага жүктөлсүн.

Төрага К.К.Шаршеналиев
