Жээк айылдык кеңешинин «Дмитриевка айылын Эсиркемиш айылы деп кайра атоо жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-январы № 94/XX-29 Дмитриевка айылын Эсиркемиш айылы деп кайра атоо жөнүндө
Жээк айылдык аймагынын тургундарынын 2025-жылдын 30-декабрындагы Дмитриевка айылын кайра атоо жөнүндө кайрылуусун, 2026-жылдын 22-январындагы жарандардын жыйынынын жыйынтыгын карап чыгып, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерин, «Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Жээк айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дмитриевка айылын Эсиркемиш айылы деп кайра атоого макулдук берилсин.
2. Дмитриевка айылын кайра атоо боюнча тийиштүү документтер мыйзамда белгиленген тартипте андан ары кароо үчүн Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Жээк айылдык кеңешинин жооптуу катчысына:
- бул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрүү;
- бул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүү тапшырылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Жээк айылдык кеңешинин төрагасы К.К. Шаршеналиевага жүктөлсүн.
Төрага К.К.Шаршеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралууЗакон · 25.04.2008 · № 65