# Узун-Кыр айыл аймагынын Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-февралы № 71/ ХVIII "Узун-Кыр айыл аймагынын 2026 жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Узун-Кыр айыл аймагынын Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-февралы № 71/ ХVIII "Узун-Кыр айыл аймагынын 2026 жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 71/ ХVIII
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042507>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-79007/edition/49146/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042507.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Узун-Кыр айыл аймагынын Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25-февралы № 71/ ХVIII "Узун-Кыр айыл аймагынын 2026 жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын бекитүү жөнүндө" токтому (25.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042507

---

УЗУН-КЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2026-жылдын 25-февралы № 71/ ХVIII

Узун-Кыр айыл аймагынын 2026 жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесинин 2 пунктуна ылайык, Жашыл Мурас муниципалдык ишканасынын директору Н.Т.Орозалиевдин 2026 жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Узун-Кыр айыл аймагынын 2026 жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана турак жай, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага К.Б.Сманов

тиркеме “Жашыл Мурас” МИнин жайыт бөлүмүнүн 2026-жылга карата түзүлгөн иш планы

1

Айылдык кеңеш тарабынан бекитиле турган жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын жылдык планын иштеп чыгуу;

Февраль айы

2

Жайыт жерлерин колдонууга берүүгө тарифин бекитүү

Март айы

3

Айыл аймактагы малдардын санын тактоо

Март айы

4

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын берилген ыйгарым укуктарына ылайык жайыт билеттерин берүү жана/же жайыттарды пайдалануу укугун берүү боюнча келишим түзүү;

Апрель-Май айы

5

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы (жергиликтүү кеңеш) тарабынан белгиленүүчү жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдарды чогултуу;

Май айы

6

Жайыттын абалына мониторинг жүргүзүү

Май айы

7

Мыйзамсыз жайыт пайдалануучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана “ Укук бузуулар кодекси”мыйзамына ылайык айып пул салуу иштерин жүргүзүү

Жыл ичинде

8

Жайытка чыкчу малдарды ветеринардык кароодон өткөрүү

Май ,июнь

8

Айыл аймактын малын алыскы Суусамыр жайытына чыгаруу иштерин уюштуруу

Июнь,Июль,Август айы

9

Суусамыр жайытында өтө турган малчылардын слетуна катышуу иш чараларын уюштуруу

Июль айы

12

2025-жылдын иш-чаралары боюнча жыйынтыктоо отчетун түзүү

Ноябрь,декабрь айы

Директор Орозалиев Н.Т.
