Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 6-марты № 154
«Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
«Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруу жана чектөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө жободо: 10-пунктта:
1) 4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын:
«– порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган бөгөттөлгөн сайттардын реестрин жүргүзөт;»;
2) 5-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«– «Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери аткарылбаган учурда Интернет тармагындагы сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуп турат жана чектейт;».
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 18 (3778) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна 1-тиркеме)Положение · 10.06.2025 · № 328
- Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруу жана чектөө…Порядок · 06.03.2026 · № 154
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери…Постановление · 10.06.2025 · № 328
- Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруу жана чектөө…Порядок · 06.03.2026 · № 154
- Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндөЗакон · 25.07.2025 · № 157