# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 129 "Товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 129 "Товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 23.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042498>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52837/edition/49138/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042498.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 129 "Товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому (23.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042498

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 23-февралы № 129

Товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «РЦА Ливинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну жүзөгө ашыруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү максатында, «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 8-октябрындагы № 627-т тескемеси менен жактырылган жана 2024-жылдын 14-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «РЦА Ливинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак-жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү товарлар ага кошумча макулдашууларды эске алуу менен товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 15 (3775) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
