# Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 20-марты № 37/4-29 "Подгорное калктуу конушуна айыл статусун ыйгаруу жана аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 20-марты № 37/4-29 "Подгорное калктуу конушуна айыл статусун ыйгаруу жана аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 37/4-29
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042445>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52787/edition/49074/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042445.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 20-марты № 37/4-29 "Подгорное калктуу конушуна айыл статусун ыйгаруу жана аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому (20.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042445

---

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

2025-жылдын 20-марты № 37/4-29

Подгорное калктуу конушуна айыл статусун ыйгаруу жана аталышын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 7-п. 34-беренесине ылайык, 2025-жылдын 13-январында Подгорное калктуу конушунун тургундары менен өткөн жыйындын чечимин эске алуу менен, Орловка шаарынын кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Подгорное калктуу конушуна айыл категориясы (статусу) берилсин, Ынтымак айылы деп аталсын.

2. Орловка шаарынын мэриясы тарабынан Кемин райондук мамлекеттик администрациясына Орловка шаарынын мэриясынын административдик аймагында жайгашкан Подгорное калктуу конушуна айыл категориясын (статусун) ыйгаруу жана Ынтымак деп аталышын өзгөртүү жөнүндө өтүнмө тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.

Төрага

М.И.Токтакунов
