# Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 15-майы № 41/5-29 "Орловка шаарынын Жайыт комитетин “Орловка шаардык турак жай коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 15-майы № 41/5-29 "Орловка шаарынын Жайыт комитетин “Орловка шаардык турак жай коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 41/5-29
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042432>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52776/edition/49061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042432.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 15-майы № 41/5-29 "Орловка шаарынын Жайыт комитетин “Орловка шаардык турак жай коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (15.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042432

---

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

2025-жылдын 15-майы № 41/5-29

Орловка шаарынын Жайыт комитетин “Орловка шаардык турак жай коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27, 66-беренелеринин негизинде, Орловка шаарынын кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2025-жылдын 01-июнунан тартып Орловка шаарынын Жайыт комитетинин бардык функциялары «Орловка шаардык турак жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.

2. Орловка шаарынын мэриясы Жайыт комитетинин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн, материалдык каражаттарын «Орловка шаардык турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасына өткөрүп берсин.

3. «Орловка шаардык турак жай коммуналдык чарба » муниципалдык ишканасы Жайыт комитетинин ишин 2025-жылга бекитилген бюджетке жана жылдык планга ылайык жүргүзсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жана Орловка шаарынын Жайыт комитетинин төрагасына жүктөлсүн.

Төрага

М.И.Токтакунов
