# Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 15-майы № 44/5-29 "Бала бакчаларда тамактануу үчүн төлөмдөр тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 15-майы № 44/5-29 "Бала бакчаларда тамактануу үчүн төлөмдөр тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 44/5-29
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042425>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52772/edition/49056/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042425.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 15-майы № 44/5-29 "Бала бакчаларда тамактануу үчүн төлөмдөр тууралуу" токтому (15.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042425

---

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

2025-жылдын 15-майы № 44/5-29

Бала бакчаларда тамактануу үчүн төлөмдөр тууралуу 2025-жылдын 15-майында Орловка шаарынын кеңешинин төрагасы М.И.Токтакуновдун наамына келип түшкөн Орловка шаарынын аймагындагы бала бакчаларга барган балдардын ата-энелеринин арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 Эмгек кодексин жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Лесная сказка», «Ромашковый сад» жана «Подгорное» мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине ата-энелердин өтүнүчү боюнча ата-энелер тарабынан жүргүзүлгөн балдардын тамак-ашы үчүн төлөмдү үстүбүздөгү жылдын 1-майынан 9-майына чейинки жумуш эмес майрамдык күндөрдү эсепке албастан эсептөө сунушталсын.

2. Орловка шаарынын мэриясы тарабынан “Лесная сказка”, “Ромашковый сад” жана “Подгорное” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.

Төрага

М.И.Токтакунов
