Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 666 “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коомун түзүү жана иштетүү маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-февралы № 56
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 666 “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коомун түзүү жана иштетүү маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-июнундагы № 155 “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 666 “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коомун түзүү жана иштетүү маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Фонддун акционери (катышуучусу) катары чыксын.”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коомунун акционери катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 8 (3768) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомун түзүү жана иштетүү…Постановление · 05.11.2024 · № 666
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 155 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 14.06.2024 · № 155
- Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндөЗакон · 24.07.2024 · № 143