# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-январындагы № 30 “Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын коопсуз ташуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-январындагы № 30 “Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын коопсуз ташуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042418>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52769/edition/49048/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042418.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-январындагы № 30 “Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын коопсуз ташуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому (28.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042418

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 28-январы № 30

Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын коопсуз ташуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө

Радиоактивдүү материалдарды коопсуз ташууну камсыз кылуу жана радиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү эл аралык укуктук ченемдер жана стандарттар менен мыйзам чыгаруу базасын шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын коопсуз ташуу боюнча талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомду ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп аныкталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышы тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жүктөлөт.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-январындагы № 6 (3766) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
