# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 240-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алиев Медербек Кубанычевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 240-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алиев Медербек Кубанычевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 240-VIII
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042417>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16735/edition/49050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042417.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 240-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алиев Медербек Кубанычевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому (26.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042417

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 26-февралы № 240-VIII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алиев Медербек Кубанычевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, 20-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутат Алиев Медербек Кубанычевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары болуп шайлансын.

2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 7-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктта “Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич” деген сөздөр “Алиев Медербек Кубанычевич” деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алиев Медербек Кубанычевич Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

4. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

а) 1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

“Алиев Медербек Кубанычевич – “Эл үмүтү– Ата Журт” депутаттык тобунан;”;

б) 1-пунктчанын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

в) 6-пунктчанын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

М.А. Маматалиев
