# Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 19 январындагы № 72 "2026-жылга карата Төрт-Гүл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 19 январындагы № 72 "2026-жылга карата Төрт-Гүл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042405>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52759/edition/49035/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042405.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 19 январындагы № 72 "2026-жылга карата Төрт-Гүл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому (19.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042405

---

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ I чакырылыштагы XII кезектеги ачык сессиясы

2026-жылдын 19 январындагы № 72

2026-жылга карата Төрт-Гүл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Кеңештин бюджет, финансы, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт, тышкы экономикалык байланыштар жана ишкердик боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 15-январындагы “Төрт-Гүл айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2026-жылга карата программасын бекитүү жөнүндө” корутундусун угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин Төрт-Гүл айылдык аймагы токтом кылат:

1. 2026-жылга карата Төр-Гүл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

- Төрт-Гүл айыл өкмөтү 2026-жылга карата Төрт-Гүл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашырууну камсыз кылсын.

- 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча программанын ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу Төрт-Гүл айыл кеңешине отчет берсин.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Төрт-Гүл айылдык кеңешинин бюджет, финансы, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт, тышкы экономикалык байланыштар жана ишкердик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Ж.К. Маматкеримов
