Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (“Туңгуч” СБ” ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү боюнча) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 6-марты № 141-т
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу жана рационалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 126 «Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибине, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик менчикте турган, Бишкек шаары, Исакеев көчөсү, 20/2-үй (Ч. Валиханов көчөсү, 20/2) дареги боюнча жайгашкан, 0,0930 га жер тилкесиндеги, идентификациялык коду 1-04-15-0037-0703, бааланган наркы 435 182 000 (төрт жүз отуз беш миллион бир жүз сексен эки миң) сом, пайдалуу аянты 3103,7 кв. м төрт кабаттуу турак эмес жайды уставдык капиталды көбөйтүүнүн эсебинен «Туңгуч» СБ» ачык акционердик коомунун менчигине өткөрүп берсин.
2. «Туңгуч» СБ» ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү салым катары салуу жолу менен уставдык капиталды көбөйтүүнү жүзөгө ашыруу жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдындагы Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна жайгаштырууну камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине Бишкек шаары, Ч. Валиханов көчөсү, 2/14а дарегинде турган, 0,2433 га жер тилкесинде жайгашкан, идентификациялык коду 1-04-15-0037-0738, аянты 2423,7 кв. м спорттук-атуу комплекси түрүндөгү кыймылсыз мүлктү 2026-жылдын 1-январынан тартып 2028-жылдын 31-декабрына чейин үч жылдык мөөнөткө убактылуу акысыз пайдаланууга өткөрүп берүү;
3) бул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги өткөрүп берилген кыймылсыз мүлктү максаттуу багыты боюнча пайдалансын жана комплексти эксплуатациялоо жана күтүү боюнча чыгымдарды (салыктар, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана жер тилкесинин ижарасы) төлөөнү жүзөгө ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке белгиленген тартипте ушул тескемеде көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлккө карата зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө…Постановление · 20.03.2024 · № 126