# Гавриловка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26 ноябры № 23 "Гавриловка айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Гавриловка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26 ноябры № 23 "Гавриловка айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52711/edition/48976/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042345.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гавриловка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26 ноябры № 23 "Гавриловка айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (26.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042345

---

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXVIII чакырылыштын 5 (кезектүү) сессиясы

2021-жылдын 26 ноябры № 23

Гавриловка айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Гавриловка айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.И.Тюлемишованын Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мызамынын 38 беренесине ылайык “Гавриловка айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гавриловка айылдык кеңешинин Регламентине төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:

· Айылдык кеңештин катчысынын иш-милдетин айылдык кеңешинин жооптуу катчысы аткарат. Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын кызмат орду бош болгон же убактылуу жок болгон учурда айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аныкталган айыл өкмөтүнүн кызматкери айылдык кеңештин катчысынын иш-милдетин аткарат.

2. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.

Төрага

А.Т.Ибраимов
