# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230042299)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 20-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042299/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5710/edition/48950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042299/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (20.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042299/st-1

---

"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 103-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 13-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацы ", ошондой эле аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү, сапаты жана шарттары жөнүндө берүүчүдөн жана камсыздандыруучудан анык маалыматты алууга" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 16-статьянын экинчи бөлүгүндө:

а) мамлекеттик тилдеги үчүнчү абзацында "милдеттүү" деген сөз алып салынсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү - алтынчы абзацтар менен толукталсын:

"- камсыздандырылган адамдарга көрсөтүлгөн медициналык жардам жөнүндө маалыматтардын жекелештирилген эсебин жүргүзүүгө;

- көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана шарттары жөнүндө маалыматты, ошондой эле алардын тизмегин Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык бардык жарандарга көрүнүктүү жерде жайгаштырууга;

- медициналык камсыздандыруу субъекттерине иштөө режими, көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү, ошондой эле тизмеги Мамлекеттик кепилдиктер программасында белгиленүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүнүн жана сапатынын көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды толук берүүгө милдеттүү.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230042299/st-2)
