1-берене
Күчүндө · 20.02.2026 редакциясы
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 103-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацы ", ошондой эле аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү, сапаты жана шарттары жөнүндө берүүчүдөн жана камсыздандыруучудан анык маалыматты алууга" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 16-статьянын экинчи бөлүгүндө:
а) мамлекеттик тилдеги үчүнчү абзацында "милдеттүү" деген сөз алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү - алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- камсыздандырылган адамдарга көрсөтүлгөн медициналык жардам жөнүндө маалыматтардын жекелештирилген эсебин жүргүзүүгө;
- көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана шарттары жөнүндө маалыматты, ошондой эле алардын тизмегин Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык бардык жарандарга көрүнүктүү жерде жайгаштырууга;
- медициналык камсыздандыруу субъекттерине иштөө режими, көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү, ошондой эле тизмеги Мамлекеттик кепилдиктер программасында белгиленүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүнүн жана сапатынын көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды толук берүүгө милдеттүү.".
Берененин тексти 20.02.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 18.10.1999 · № 112
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230042299/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>