# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 42-т (Күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвстициялык макулдашуу жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 42-т (Күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвстициялык макулдашуу жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 42-р
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042278>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19713/edition/48905/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042278.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 42-т (Күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвстициялык макулдашуу жөнүндө) тескемеси (29.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042278

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 29-январы № 42-т

Кыргыз Республикасында генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 10-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Ак-Татыр Энерго” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын энергетика министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
