# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-мартындагы № 143 "Жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу үчүн Республикалык чакыруу комиссиясынын ишинин тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-мартындагы № 143 "Жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу үчүн Республикалык чакыруу комиссиясынын ишинин тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52513/edition/48737/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-мартындагы № 143 "Жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу үчүн Республикалык чакыруу комиссиясынын ишинин тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (03.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042113

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 3-марты № 143

Жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу үчүн Республикалык чакыруу комиссиясынын ишинин тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу үчүн Республикалык чакыруу комиссиясынын ишинин тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 17 (3777) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
