# 4-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230042095)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 27-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042095/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5709/edition/48719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042095/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө, 4-берене (27.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042095/st-4

---

1. Кыргыз Республикасынын 2026-2028-жылдарга республикалык бюджетинен чыгашаларды каржылоого каражаттар 5, 6 жана 7-тиркемелерге ылайык белгиленсин.

2. Республикалык бюджеттин кирешелеринин бир бөлүгүн республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү аркылуу Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна которуу төмөнкүдөй тартипте белгиленсин:

1) 2026-жылы - 50000000,0 миң сом;

2) 2027-жылы - 10000000,0 миң сом;

3) 2028-жылы - 10000000,0 миң сом.

3. Ушул Мыйзамда каралбаган Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүүнүн кошумча булактары Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетине кийин жазуу жүзүндө кабарлоо менен которулат жана ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна киргизилет.

4. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттары Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында аныкталган максаттарга пайдаланылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун акча каражаттарынын сакталышы, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн каражаттарды алуучулар жоопкерчилик алат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230042095/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230042095/st-5)
