# 19-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230042095)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 27-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042095/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5709/edition/48719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042095/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө, 19-берене (27.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042095/st-19

---

1. Өзгөчө мамлекеттик бюджетти кошпогондо, ушул Мыйзамга жылына эки жолудан көп эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын жобосун аткаруу камсыз кылынсын. Мында биринчи өзгөртүү учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен, экинчиси 1-ноябрынан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүүгө тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө же аскердик абал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзгөчө же аскердик абалды киргизүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 15-беренесин жетекчиликке алат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө же аскердик абалдын токтотулушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизет.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык мыйзам долбоорунда өзгөчө мамлекеттик бюджет менен белгиленген республикалык бюджеттин параметрлери каралууга тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бюджеттин ушул параметрлеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнүн учурдагы өзгөрүүлөрүнө ылайык бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн сметалык дайындоолоруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230042095/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230042095/st-20)
