Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
19-берене
Күчүндө · 27.01.2026 редакциясы
1. Өзгөчө мамлекеттик бюджетти кошпогондо, ушул Мыйзамга жылына эки жолудан көп эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын жобосун аткаруу камсыз кылынсын. Мында биринчи өзгөртүү учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен, экинчиси 1-ноябрынан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүүгө тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө же аскердик абал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзгөчө же аскердик абалды киргизүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 15-беренесин жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө же аскердик абалдын токтотулушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизет.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык мыйзам долбоорунда өзгөчө мамлекеттик бюджет менен белгиленген республикалык бюджеттин параметрлери каралууга тийиш.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бюджеттин ушул параметрлеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнүн учурдагы өзгөрүүлөрүнө ылайык бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн сметалык дайындоолоруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Берененин тексти 27.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230042095/st-19" title="19-берене - Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>