Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Гавриловка айылдык кеңешинин «Сокулук районунунун Гавриловка айылдык аймагынын аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө» токтому
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXVIII чакыруунун 10 (кезектүү) сессиясы
2022-жылдын 21-сентябры № 26
Сокулук районунунун Гавриловка айылдык аймагынын аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 115-беренесине, жана Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Сокулук районунунун Гавриловка айылдык аймагынын аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө Гавриловка айылдык аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы К.Алиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Сокулук районунунун Гавриловка айылдык аймагынын аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитилсин.
2. Аксакалдар сотторунун учёттук каттоосун өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (2-тиркеме);
· Гавриловка айылдык аймагынын аксакалдар сотунун учёттук каттоосу жөнүндө күбөлүктүн үлгүсү (3-тиркеме);
· Гавриловка айылдык аймагынын аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн күбөлүгүнүн үлгүсү (4-тиркеме).
3. Аксакалдар сотунун ишинин регламентин аткаруу Гавриловка айылдык аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы К.Алиевге жүктөлсүн.
4. Гавриловка айыл өкмөтүнө аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнө тиешелүү бардык уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүнү камсыз кылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага
А.Т.Ибраимов
Тиркеме № 1
Гавриловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябрындагы №26 токтомуна
Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Сокулук районунунун Гавриловка айылдык аймагынын аксакалдар сотунун ишинин РЕГЛАМЕНТИ
I глава. Жалпы жоболор
1. Гавриловка айылдык аймагынын Аксакалдар сотунун ушул регламенти Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) ылайык иштелип чыгылды жана Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Сокулук районунунун Гавриловка айылдык аймагында түзүлүүчү аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүн уюштурууну жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин жөнгө салат.
2. Аксакалдар соттору - булар ыктыярдуу башталыштарда жана шайлануучулук жана өз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, белгиленген тартипте сот, прокурор, кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнөтүлүүчү материалдарды, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук органдар.
3. Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, “Аксакалдар соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы түзөт.
4. Ушул Регламентте колдонулган терминдер.
Аксакалдар сотунун мүчөсү – Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган, элүү жашка чыккан, бүткөн жалпы орто билимге ээ, көрсөтүлгөн жерде беш жылдан кем эмес жашаган, соттуулугу жок, айылдардын калкынын арасында урмат-сыйга жана кадыр-баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотторунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү адам. Аксакалдар сотунун мүчөсүн чыгарып салуу - талашып-тартышкан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле соттун мүчөсү иштин жыйынтыгына кызыкдар деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо аксакалдар сотунун мүчөсүн ишти (материалдарды) кароого катышуудан четтетүү. Аксакалдар сотунун отуруму – курамында аксакалдар сотунун бардык курамынын үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү, тараптар жана ишке катышып жаткан башка адамдар катышкан, олуттуулугу боюнча ишти (материалдарды) кароо боюнча отуруму. Тарап – жабырлануучу же жоопкер. Аксакалдар сотунун чечими – ишти олуттуулугу боюнча чечүү тууралуу аксакалдар сотунун жазуу жүзүндө чыгарылган токтому. Таасир көрсөтүү чарасы – ишти (материалдарды) кароонун жүрүшүндө күнөөлүүлүгү аныкталган адамга карата аксакалдар соту тарабынан чыгарылган жаза.
II глава. Аксакалдар сотторун уюштуруу тартиби
5. Аксакалдар сотун шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулушу жергиликтүү жамааттын өкүл болуп шайланган мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлөт. Өкүлчүлүктүн нормасын Гавриловка айылдык кеңеш жана чогулуштун демилгечилери менен макулдашуу боюнча Гавриловка айыл өкмөтү аныктайт.
6. Аксакалдар соттору 5тен кем эмес жана 9дан ашык эмес адамдардын курамында шайланат, ошону менен бирге алардын саны милдеттүү түрдө так эмес болууга тийиш. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү чогулуштарында ачык добуш берүү менен үч жылдык мөөнөткө шайланышат. Чогулушка катышкандардын көпчүлүк добушун алган талапкерлер соттун курамына шайланды деп эсептелинет.
7. “Аксакалдар соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын 10-беренесинде көрсөтүлгөндөй, Гавриловка айылдык аймагында бир аксакалдар соту түзүлөт.
8. Аксакалдар сотторун шайлоо боюнча чогулуш төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
8.1. Аксакалдар сотторун шайлоо боюнча чогулуш жарандардын демилгеси боюнча өткөрүлгөн учурда, чогулуш өткөрүүдөн бир жарым ай мурда демилгечи топ чогулушту өткөрүүнүн датасын, убактысын жана ордун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы менен макулдашат. Тиешелүү аймакта жашаган жарандарды шайлоо күнү жөнүндө кабарландыруу Гавриловка айыл өкмөтү тарабынан чогулуш болордон бир ай мурда жүргүзүлөт. Аксакалдар сотун шайлоо боюнча чогулуш өтөрү тууралуу кабарлоо көчөлөргө жана үйлөргө кулактандырууларды илүү, Гавриловка айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин көчөлөрдү жана үйлөрдү кыдырып айтуусу аркылуу ишке ашырылат.
Аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө талапкерлер Мыйзамда аныкталган талаптарга жооп бериши керек жана калктуу конуштун аймагын толук камтуу менен Гавриловка айыл өкмөтү аныктаган чөлкөмдүк бөлүктөрдүн (квартал, көчө жана үйлөрдүн тобу) ар биринен көрсөтүлүшү керек.
8.2. Жергиликтүү жамааттын өкүл болуп шайланган мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн чогулушун чогулушта катышып жаткан жергиликтүү жашоочулардын ичинен жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайланган чогулуштун төрагасы жана катчысы алып барат.
8.3. Аксакалдар сотун шайлоо боюнча чогулушту өткөрүү үчүн жергиликтүү жашоочулардын керектүү саны чогулбаган учурда, чогулушту өткөрүү ушул күнгө карата 15 күндөн ашык эмес белгилүү бир мөөнөткө которулат.
8.4. Аксакалдар сотунун мүчөлөрүн шайлоо боюнча чогулушту өткөрүү үчүн жергиликтүү жашоочулардын керектүү саны кайрадан чогулбаган учурда Гавриловка айыл өкмөтү аймактын коомчулугунун (аялдар жана жаштар кеңеши) же айыл башчылары менен бирдикте тиешелүү аймактын жашоочуларынын ичинен аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө талапкерди көрсөтөт жана бекитүү үчүн Гавриловка айылдык кеңешке сунуштайт.
8.5. Жергиликтүү жамааттын чогулушунда шайланышкан аксакалдар сотунун мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө Гавриловка айылдык кеңешинин токтомунун долбоорун Гавриловка айыл өкмөтү даярдап Гавриловка айылдык кеңештин кароосуна киргизет. Токтомдун долбоору шайланышкан аксакалдар сотунун мүчөлөрүн чакыруу менен айылдык кеңештин жакынкы сессиясында каралат жана бекитилет.
8.6. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү бекитилгенден кийин 7 календарлык күндүн ичинде алар тарабынан өз курамынан аксакалдар сотунун төрагасы жана катчысы шайланат. Аксакалдар сотунун төрагасын жана катчысын шайлоо боюнча аксакалдар сотунун отуруму ага аксакалдар сотунун курамы толугу менен катышканда ыйгарым укуктуу деп эсептелинет.
9. Аксакалдар сотун каттоодон өткөрүү төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:
9.1. Мыйзамдын 11-беренесинде жана ушул регламентте көрсөтүлгөн талаптарга ылайык шайланган аксакалдар сотунун төрагасы аксакалдар сотун каттоодон өткөрүү тууралуу Гавриловка айылдык кеңешинин төрагасынын наамына арыз менен кайрылат.
9.2. Мыйзамдын 12-беренесинде жана өзүнүн регламентинде көрсөтүлгөн тартипте Гавриловка айылдык кеңеши жаңыдан түзүлгөн аксакалдар сотун эсепке алуу каттоосунан өткөрөт, (Кыргыз Республикасынын Жогорку соту) Гавриловка айылдык кеңеши бекиткен үлгүдөгү аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн күбөлүгүн, каттоо күбөлүгүн берет.
9.3. Мурда түзүлгөн аксакалдар соту кайрадан эсепке алуу каттоосунан өткөрүлбөйт жана ага каттоо күбөлүгү берилбейт.
10. Мыйзамдын 14-беренесинде каралган аксакалдар сотунун мүчөсүн терс жүйөөлөр боюнча соттун курамынан чыгаруу жана чакырып алуу жөнүндө ченемди ишке ашыруу төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:
10.1. Ал чөлкөмдөн терс жүйөөлөр боюнча соттун курамынан чыгаруу/чакырып алуу жөнүндө маселе көтөрүлүп жаткан аксакалдар сотунун мүчөсү шайланган тиешелүү аймактагы (тиешелүү калктуу конуштагы) жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү Гавриловка айылдык кеңешине анын жүктөлгөн милдеттерди аткара албоосун, же татыксыз жүрүм-турумун, укук бузууларды жана аксакалдар сотунун мүчөсүнүн наамына ылайык келбеген башка жоруктарды жасоосун бышыктаган фактыларды жана/же документтерди беришет. Алар соттун курамынан чыгарылып жаткан мүчөнүн ордуна өздөрүнүн аймагынан көрсөтүү үчүн жаңы талапкерди сунуштай алышат.
10.2. Аксакалдар сотунун мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда курамдан чыгаруу/чакырып алуу тууралуу чечим тиешелүү Гавриловка айылдык кеңешинде сессиясында кабыл алынат.
10.3. Курамдан чыгарылган аксакалдар сотунун мүчөсүнүн ордуна жаңы мүчөнү шайлоо Мыйзамдын 11-беренесинде, ушул регламенттин 5-, 6,1-6,3-пункттарында көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
III глава. Аксакалдар сотторунда иштерди (материалдарды) кароого даярдоонун жана кароонун тартиби
11. Аксакалдар соттору Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси), “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталган иштерди (материалдарды) карашат.
12. Аксакалдар сотторунда келип түшкөн иштерди (материалдарды) кабыл алуу төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:
12.1. Аксакалдар сотторунун кароосуна келип түшкөн бардык материалдар (иштер жана арыздар) келип түшкөн күнү зарыл маалыматтарын көрсөтүү менен атайын журналга катчы же төрага (же атайын кыска мезгилге бекитилген соттун мүчөсү) тарабынан катталат.
12.2. Аксакалдар сотунун төрагасы жана мүчөлөрү келип түшкөн иштерди (материалдарды) кароого даярдоодо милдеттүү түрдө ушул ишти кароо аксакалдар сотунун компетенциясына кирер-кирбесин, ушул ишти аксакалдар сотунун кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар бар же жок экендигин, олуттуулугу боюнча ишти кароо үчүн андагы материалдардын жетиштүүлүгүн, соттун мүчөсүн соттун курамынан чыгаруу жөнүндө өтүнүчтүн катынын бар же жок экендигин аныкташат
12.3. Аныктоонун жыйынтыгы боюнча:
12.3.1. Мыйзамдын 15-беренесинде каралган аксакалдар сотунун компетенциясына кирбей турган келип түшкөн иштер (материалдар) соттун кириш-чыгыш каттарды каттоо журналдарына белги коюу менен коштомо катка тиркелип артка кайтарылат;
12.3.2. аксакалдар соту ишти кароонун убакытын жана ордун дайындоо жөнүндө, чечим кабыл алат.
12.4. Соттун төрагасы, ошондой эле анын тапшыруусу боюнча соттун мүчөсү ишти (материалдарды) кароо менен байланыштуу арыздарды жана башка материалдарды текшерүүнү жүргүзөт, сотко тартылган адамды, жабырлануучуну жана талаш-тартыштын башка катышуучуларын колдо болгон материалдар менен тааныштырат, зарыл болгондо сотко тартылган адамды, жабырлануучуну, күбөлөрдү сурайт же алардан түшүнүк алышат
Анын жыйынтыктары боюнча текшерүү жүргүзгөн адам корутунду жазат, анда иштин нукура жагдайы, жасалган жоруктун себептери, аксакалдар сотуна тартылган адам жөнүндөгү маалыматтар көрсөтүлөт.
13. Ишти (материалдарды) кароо 16 жашка чейинки адамдарга байланыштуу болгондо аксакалдар соту алардын мыйзамдуу өкүлдөрүн (ата-энесин, көзөмөлчүсүн, камкорчусун, алар жок болгондо-балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин), алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн ишти олуттуу кароо боюнча отурумдун убагы жана орду тууралуу кабарландырат.
14. Аксакалдар соту ишти (материалдарды) кароонун мөөнөтүн, убактысын, ордун дайындоону, сот отурумуна катыша турган адамдарды кабарлоону Мыйзамдын 16-17-беренелеринде көрсөтүлгөн тартипте аткарат.
IV глава. Аксакалдар соттунун иштерди (материалдарды) кароо тартиби
15. Аксакалдар сотунун иш формасы отурум болуп саналат. Аксакалдар сотунун отурумунда иштер (материалдар) олуттуулугу боюнча каралат. Аксакалдар сотунун отуруму зарылчылыгына жараша, материалдардын келип түшүшүнө карата өткөрүлөт. Аксакалдар сотунун отурумун өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү иштерди Мыйзамда каралган мөөнөттөрдө кароону камсыз кылгандай болууга тийиш
16. Аксакалдар сотунун отурумунда иштер коллегиалдуу – соттун төрагасынын жана мүчөлөрүнүн катышуусу менен каралат.
Аксакалдар сотторунун курамынын так эмес сандагы үчтөн экиси катышканда аксакалдар соту ишти кароого укуктуу. Отурумга катышып жаткан аксакалдар сотунун мүчөлөрү жуп санда болгондо жана алардын добушу теңме-тең (барабар) болгондо төраганын добушу чечүүчү болот. Соттук отурумда ишти карап жатканда пайда болгон ар кандай маселелер аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен чечилет.
17. Аксакалдар сотунун катчысы сот отуруму башталганга чейин паспортун же өздүгүн тактоочу башка документин текшерүү менен процесске катышуучулардын келип-келбегендигин тактайт жана төрагага кабарлайт.
18. Соттун төрагасы, ошондой эле анын тапшыруусу боюнча соттун бир мүчөсү аксакалдар сотунун отурумун ачат, соттун курамын, карала турган ишти (материалдарды) жарыялайт.
19. Иштер (материалдар) ишке тиешелүү тараптардын, зарылчылыгы болгон учурда, мыйзамдуу өкүлдөрдун милдеттүү катышуусу менен каралат.
20. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү ишти кароонун каалаган этабында тараптардын өз ара кабыл алына турган макулдашуусун кабыл алуу – бүтүмгө келүү менен жарашуу мүмкүндүгү бар экендигин тараптардын эсине салып турушат.
21. Отурумду өткөрүүдө аксакалдар соту жабырлануучунун, анан жоопкердин түшүндүрмөлөрүн уга. Процесске катышып жатышкан күбөлөр жана башка адамдар соттун мүчөлөрүнүн талабы боюнча иш боюнча аныкталууга жаткан, аларга белгилүү жагдайлар тууралуу маалыматтарды билдиришет.
22. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн сырткары иштеги башка далилдерди алышат жана талдап изилдешет.
V глава. Аксакалдар сотунун чечим чыгаруусу
23. Ишти (материалдарды) кароодо жана чечим чыгарууда:
23.1. Ишти (материалдарды) карап бүткөндөн кийин аксакалдар сотунун мүчөлөрү иштин бардык жагдайларын талдап чыгып, иш боюнча чечим чыгаруу үчүн отурум өтүп жаткан жерден катышуучуларды сыртка чыгарышат же болбосо өздөрү башка жакка чыгышат.
23.2. Аксакалдар сотунун чечими ишти кароого катышып жаткан соттун мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Чечимге макул болбогон соттун мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин айтат, жазат жана ал чечимге тиркелет.
23.3. Каралган иштердин жыйынтыгы боюнча протокол жана токтом таризделет.
23.4. Аксакалдар сотунун протоколу Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин 229-231-беренелеринде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жүргүзүлгөнү максатка ылайыктуу.
23.4.1. Протокол далилдик мааниге ээ болгон документ. Аксакалдар сотунун протоколунда соттун отурумунун жүрүшүндө, ошондой эле отурумдан тышкары жасалган ар бир өз алдынча процесстик аракеттер баяндалат. Протокол так жана кыска, кош маанилүү болбогондой, процессте болуп өткөн бардык аракеттерди, сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн даана чагылдырып, отурумдагы териштирүүнүн жүрүшүндө болуп өткөн бардык болгон окуяларды калтырып (аттап кетпей), жазылышы керек.
23.4.2. Протокол компьютердик, электрондук (санариптик аудио жазууну кошо алганда) жазуу, машинада басуу же кол менен жазуу аркылуу түзүлөт.
23.4.3. Аксакалдар соту протоколду толук түзүүнү камсыз кылуу үчүн соттун отурумунда же болбосо отурумдан тышкары айрым процесстик аракет жасалганда аудио жана видео жазууларды колдоно алат. Мындай учурларда аудио жана видео жазуулар протоколго тиркелет.
23.4.4. Протоколго сот отурумунун торагалык кылуучусу жана катчысы кол коет. Протокол соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
23.5. Аксакалдар сотунун токтому чечим түрүндө, жазуу жүзүндө чыгарылат. Аксакалдар сотунун чечими киришүү, баяндоо, жүйөө жана корутунду (резолютивдик) бөлүктөрүнөн турат.
23.5.1. Аксакалдар сотунун чечиминин киришүү бөлүгүндө аксакалдар сотунун аты, чечимди чыгаруунун убагы жана орду, соттун, ишке катышкан адамдардын курамы, талаштын предмети же укук бузуунун мазмуну, ишти аксакалдар сотунда кароого тараптардын макулдугу көрсөтүлөт.
23.5.2. Аксакалдар сотунун чечиминин баяндоо бөлүгүндө арыз ээсинин (доогердин) талаптары, же болбосо укук бузуунун маңызы, коюлган талапка карты пикирдин жүйөөлөрү, ишке катышкан адамдардын түшүндүрмөлөрү көрсөтүлөт.
23.5.3. Аксакалдар сотунун чечиминин жүйөө бөлүгүндө аксакалдар соту тарабынан каралган иш боюнча аныкталган жагдайлар, аксакалдар соту тыянак чыгарууда таянган далилдер, ишке катышкан адамдардын укуктары жана милдеттери, аксакалдар соту тигил же бул далилдерди четке какканда негиз болгон жүйөөлөр, чечим чыгарууда аксакалдар соту шилтеме берген Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жан башка ченемдик укуктук актылары камтылат.
23.5.4. Корутунду бөлүгү каралган иш боюнча аксакалдар соту кабыл алган тыянакты, чечимге даттануунун тартибин жана чечимди аткаруунун мөөнөтүн камтууга тийиш. Корутунду бөлүгү аны аткарууда талаш чыкпагыдай так жана түшүнүктүү жазылышы керек.
23.5.5. Чечимге аны отурумда жарыялаганга чейин аксакалдар сотунун торагасынын жана мүчөлөрүнүн колдору коюлат.
23.5.6. Көпчүлүктүн чечими менен макул болбогон соттун мүчөсү бул чечимге кол коюшу жана өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндашы зарыл. Өзгөчө пикир ишти олуттуу чечүүнүн олуттулугуна таасир этпейт, бирок ал чечимге тиркелет.
24. Мыйзамдын 28-беренесинде көрсөтүлгөндөй:
24.1. Аксакалдар сотунун чечими төмөндөгү таасир көрсөтүү чараларынын бирин дайындоо менен же ансыз кабыл алынышы мүмкүн:
а) эскертүү берүү;
б) жабырланган тараптан эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;
в) коомдук уяткаруу жарыялоо;
г) материалдык зыяндын ордун толтурууну күнөөлүү тарапка милдеттендирүү;
д) акчалай жазапул салуу.
24.2. Жогоруда аталган чаралардын тизмеги толук жана аксакалдар соту тарабынан кеңири чечмелөөгө жатпайт.
24.3. Таасир көрсөтүү чаралары аксакалдар соту тарабынан сотко тартылган адамдын күнөөсүнө ылайык жана өлчөмдүү түрдө, ушул маселеге тиешелүү мыйзамдардагы жана элдик салт-адаттардагы ченемдерди эске алуу менен дайындалат.
25. Каралып жаткан иштер (материалдар) боюнча соттук өндүрүш тараптардын жарашуу жөнүндөгү макулдашуга (бүтүмгө) келишине, арыз ээсинен тосмо арыз түшкөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин ченемдерине жана Мыйзамга ылайык токтотулат (кыскартылат) жана ал жөнүндө аксакалдар сотунун аныктамасы чыгарылат.
26. Аксакалдар соту тарабынан жазапул салуу жөнүндө чечим чыгарылганда аксакалдар соту укук бузуучуга соттун чечиминин көчүрмөсүн жана кабыл алынган формадагы жазапул квитанциясын берет.
27. Аксакалдар сотунун чечими чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылууга тийиш. Аксакалдар сотунун катчысы чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүп турат.
28. Тараптар белгиленген мөөнөтте чечимди аткарбаган учурда:
28.1. Мыйзамдын 32-беренесинде көрсөтүлгөн тартипте аксакалдар соту мажбурлап аткартууга аткартуу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз менен райондук сотко кайрылат;
28.2. мажбурлап аткартууга аткартуу баракчасын берүү жөнүндөгү арызга төмөндөгү документтер тиркелет:
1) аксакалдар сотунун чечиминин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) аксакалдар сотунун чечиминин аткарылбагандыгын тастыктоочу документтер;
3) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткартуу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздын көчүрмөсүн башка тарапка жиберүүнү тастыктаган тапшыруу жөнүндө кабарлама же башка документ;
4) арызга кол коюучу адамдын ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним кат же башка документ.
28.3. Райондук сот тарабынан аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткартуу баракчасын берүү Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинде аныкталган тартипте ишке ашырылат.
VI глава. Аксакалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мамилеси
29. Аксакалдар соту айылдык кеңештен каттоодон өтүп, каттоо күбөлүгүн алгандан кийин 10 күн ичинде өзү жайгашкан райондун аймагындагы райондук сотко, райондук ички иштер бөлүмүнө каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, аксакалдар соту тууралуу кыскача маалыматты тиркеп кат жиберет.
30. Райондук сот:
Мыйзамдын 34-беренесине ылайык:
30.1. аксакалдар соттору менен байланыш жүргүзүп турууга, аларга усулдук жардам көрсөтүүгө жана окууларды өткөрүп турууга жооптуу бир судьяны буйрук менен бекитет;
30.2. аксакалдар соту айылдык кеңештен каттоодон өткөндөн кийин бир айдын ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрация, же болбосо айыл өкмөтү менен макулдашып, райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилерин катыштырып, аксакалдар соттору үчүн нускамалык-усулдук семинар-кеңешме өткөрөт;
30.3. кварталына бир жолу аксакалдар сотунун катынын негизинде (эгер келип түшсө) өз кеңсесинде же жеринде жолугушуу өткөрүп, каттагы маселелер боюнча кыскача оозеки (зарыл болгон учурда жазуу жүзүндө да) түшүндүрмөлөрдү берет;
30.4. аксакалдар сотунун төрагасынын отурумда кароо үчүн иштерди (материалдарды) изилдөөсүнүн жүрүшүндө аны тоскоолдуксуз кабыл алышат жана ага зарыл жардамдарды көрсөтүшөт;
Мыйзамдын 32-беренесине ылайык:
30.5. аксакалдар соту кайрылган учурда аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу боюнча зарыл көмөктөрдү көрсөтүшөт.
31. Аксакалдар соту кварталына бир жолу төмөнкүлөргө каттарды жиберет:
31.1. райондук сотко иштерди (материалдарды) карап чечим чыгаруудагы укук колдонуунун түшүнүксүз маселелери боюнча;
31.2. райондук ички иштер бөлүмүнө сот отурумдарына укук бузган жоопкерлерди алып келүүнүн, сот отурумунда коомдук тартипти камсыз кылуунун абалы боюнча, сотто каралган иштер (материалдар) боюнча;
31.3. айыл өкмөтүнө сот тарабынан каралган иштер (материалдар) жөнүндө маалыматты тиркөө менен калган бардык маселелер, анын ичинде соттун ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоонун маселелери, сотто каралган иштер (материалдар) боюнча.
32. Аксакалдар сотуна райондук сот тарабынан көрсөтүлүүчү усулдук жардам төмөндөгү маселелерди түшүндүрүүнү камтыйт:
1) аксакалдар сотунун иштерди (материалдарды) кароого даярдоо боюнча аракеттерин (башкача айтканда келип түшкөн арыздарды текшерүү, жабырлануучуларды, күбөлөрдү суроо, аксакалдар сотуна тартылып жаткан адамдын өздүгү тууралуу маалыматтар ж.б.у.с.);
2) аксакалдар соту тарабынан иштерди (материалдарды) кароонун тартибин, кароонун мөөнөттөрүн;
3) сот отурумунун протоколун жүргүзүүнүн (процессуалдык форма) жана иш боюнча чечим кабыл алуунун, ошондой эле аксакалдар сотунун чечимине даттануунун тартибин;
4) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнүн ченемдик укуктук актыларын түшүндүрүүнүн;
5) аксакалдар соту тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун жана жаза берүүнүн тартибин.
33. Райондук
ички иштер бөлүмү:
33.1. өзүнүн буйругу менен аксакалдар соттору менен иштөөгө жооптуу кызматкерлерди, анын ичинде милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүн бекитет;
33.2. кварталына бир жолу аксакалдар сотунун катынын негизинде (эгер келип түшсө) өз кеңсесинде же жеринде жолугушуу өткөрүп, каттагы маселелер боюнча кыскача оозеки (зарыл болгон учурда жазуу жүзүндө да) түшүндүрмөлөрдү берет;
33.3. Мыйзамдын 17-беренесине ылайык, аксакалдар сотунда катышуусу зарыл болгон адамдарды (укук бузуучуларды, жоопкерлерди, күбөлөрдү, зарыл болгон учурларда, арыз ээлерин) отурумга чакыруу, зарыл болгон учурда мажбурлап алып келүү, отурумда коомдук жана укуктук тартипти камсыз кылуу милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу жүргүзүлөт.
34. Гавриловка айыл өкмөтү:
1) Гавриловка айылдык кеңештен эсепке алуучу каттоо жүргүзгөндөн кийин аксакалдар сотуна анын аты жазылган мөөр берет;
2) аксакалдар сотунун мүчөлөрүн шайлоо жана өз ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүү боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарын өткөрүүгө аксакалдар сотуна көмөк көрсөтөт;
3) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнө тиешелүү өзүнүн чечимдери жана Гавриловка айылдык кеңештин токтомдору менен аксакалдар сотторунун төрагаларын тааныштырууну жүргүзөт;
4) аксакалдар сотуна иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүүгө жардам көрсөтөт;
5) зарыл болгон учурда аксакалдар сотунун иш кагаздарын басып жана чыгарып берүүгө жардам берет;
6) айыл өкмөтүнүн, тескемеси менен аксакалдар сотунун отурумдарын өткөрүү үчүн имаратты (имараттын ичиндеги бөлмөнү) туруктуу бекитип берет (ылайыгы келсе коомдук алдын алуу борбору менен бириктирсе болот);
7) аксакалдар сотунун отурумуна катышуусу зарыл болгон адамдарды, аксакалдар соту менен макулдашуу боюнча, өзүнүн кызматкерлерин, тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлерин чакырууга жана катыштырууга көмөк көрсөтөт;
8) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү аяктаганда жана аксакалдар сотунун өтүнүчү боюнча андан башка учурда аксакалдар сотунун документтерин кабыл алат жана сактап турат.
35. Аксакалдар соту каралган иштердин (материалдардын) статистикалык эсебин жүргүзөт жана жыл сайын жылдык статистикалык отчетун тиешелүү айылдык кеңешке жана райондук сотко жөнөтөт.
36. Аксакалдар соту жылына бир жолудан кем эмес өз ишмердүүлүгү тууралуу жергиликтүү жамааттын чогулуштарында, конференцияларында же өзүн каттоодон өткөргөн айылдык кеңештин сессиясында (тиешелүү туруктуу комиссиясынын отурумунда) отчет берет.
VII глава. Аксакалдар сотунун иш кагаздарын жүргүзүү
37. Аксакалдар сотунда кабыл алынган материалдарды (иштерди) эсепке алуу, материалдар боюнча кабыл алынган чечимдер, аксакалдар сотунда иштерди (материалдарды) кароого катышуу үчүн адамдарга жиберилген кабарламалар, ж.б. маселелер боюнча журналдар жүргүзүлөт.
38. Журналдардын барактары номурланат, көктөлөт жана мөөр менен бекитилет.
39. Кабыл алынган материалдарды эсепке алуу, материалдар боюнча кабыл алынган чечимдер журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда аксакалдар сотунун торагасынын уруксатысыз өткөрүлүп берилбейт же колго берилбейт.
40. Журналдар ды жүргүзүү жана сактоо, аларга жазылуучу маалыматтардын өз убагында жазылышы жана ишенимдүүлүгү үчүн аксакалдар сотунун катчысы жоопкерчилик тартат.
41. Аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүндө иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик анын абалы үчүн жоопкерчилик тартуучу соттун төрагасы тарабынан ишке ашырылат.
42. Журналдарды жана иштерди (материалдарды) сактоонун мөөнөтү үч жыл жана бул мөөнөт өткөндөн кийин алар тизим боюнча айыл өкмөтүнө, өткөрүлүп берилет.
VIIΙ глава. Аксакалдар сотторун материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
43. Аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо төмөнкү каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат:
1) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен;
2) аксакалдар соту салган жазапулдардан түшкөн каражаттардын эсебинен;
3) ар кандай юридикалык жактардан жана жарандардан спонсорлук жардам иретинде түшкөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, каражаттардын эсебинен;
4) айылдык кеңеш, айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн (табылган) бюджеттен сырткаркы акчалай жана материалдык каражаттардын, төлөмдүк жана башка жеңилдиктердин эсебинен.
44. Аксакалдар соту салган жазапулдардан түшкөн каражаттардын 70 пайызы аксакалдар сотунун төрагасы менен макулдашылган айыл өкмөтү, түзгөн сметага ылайык аксакалдар сотуна бөлүнүп берилет
45. Аксакалдар соту кварталына бир жолу казыналыктын райондук бөлүмү менен атайын эсепке түшкөн жазапулдар боюнча текшерүү (сверка) жүргүзүп турат.
Тиркеме № 2
Гавриловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябрындагы №26 токтомуна
Гавриловка айылдык аймагынын аксакалдар сотун учёттук каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо
Бул жобо Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамына ылайык Гавриловка айылдык аймагынын аксакалдар сотторун учёттук каттоону тартипке келтирүү максатында иштелип чыкты.
1. Жалпы принциптер
1. Гавриловка айылдык аймагынын аксакалдар сотторун учёттук каттоо Гавриловка айылдык кеңеши тарабынан жүргүзүлөт.
2. Учёттук каттоо Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамында каралган аксакалдар сотторунун милдеттерин жана иш-милдеттерин аткаруу үчүн негиз болуп саналат.
3. Учёттук каттоо аксакалдар сотторунун иш-аракеттеринин төмөнкү принципте түзүлгөн чек аралардын чектеринде жүргүзүлөт:
- эгерде тургундардын саны 25 миңден ашпаса – бир аксакалдар соту;
- эгерде тургундардын саны 25 миңден 50 миңге чейин түзсө – эки аксакалдар соту;
2. Аксакалдар соттору тарабынан учёттук каттоо үчүн берилүүчү документтер, аларды берүү мөөнөттөрү жана тартиби
4. Аксакалдар сотторун учёттук каттоо үчүн Гавриловка айылдык кеңешине документтердин топтому берилет.
5. Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамын 12- беренесинде көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, аксакалдар сотторунун учёттук каттоосун өткөрүү үчүн Гавриловка айылдык кеңешине берилүүчү документтер:
- аксакалдар сотунун учёттук каттоосу жөнүндө арыз;
- аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн аты-жөнүн, туулган жылын, бул аймакта жашаган мезгилин, билимин көрсөтүү менен алардын кол тамгалары менен тизме;
- аксакалдар сотунун уюмдаштыргандыгын жана анын мүчөлөрүнүн шайлангандыгын тастыктаган бул аймактын тургундарынын чогулушунун протоколу;
- Гавриловка айл өкмөтүнүн мөөрү менен бекитилген, чогулушка катышкан жарандардын кол тамгалары менен тизме;
- аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү.
6. Каттоого берилген документтер көктөлгөн жана номерленген болуусу керек.
7. Гавриловка айылдык кеңеши аксакалдар сотторун учёттук каттоо үчүн берилген документтердин аныктыгын текшерүүгө укуктуу.
8. Гавриловка айылдык кеңеши төмөнкү учурларда учёттук каттоо жүргүзүүдөн баш тартат:
- документтер толук эмес же анык эмес болгондо;
- аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө карата коюлган талаптарга туура келбегендиги аныкталганда;
- бул аймактын тургундарынын чогулушун даярдоо жана өткөрүү жол-жобосу бузулган фактылар табылганда.
9. Аксакалдар сотун учёттук каттоодон баш тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
3. Гавриловка айылдык аймагынын аксакалдар сотторунун учёттук каттоосун жол-жоболоштуруу
10. Гавриловка айылдык кеңеши сессиясы Гавриловка айылдык аймагынын аксакалдар сотторунун учёттук каттоо жөнүндө чечимди кабыл алат.
Гавриловка айылдык кеңеши сессиясы аксакалдар сотторун учёттук каттоо жүргүзүүнү Гавриловка айылдык кеңешинин профилдик туруктуу комиссиясына ыйгарууга берүүгө укуктуу.
11. Гавриловка айылдык кеңештин ыйгарым укуктуу адис жүргүзгөн Гавриловка айылдык аймагынын аксакалдар сотторун учёттук каттоо журналына учёттук каттоо киргизилет.
12. Учёттук каттоодон өткөн Гавриловка айылдык аймагынын сотуна белгиленген үлгүдөгү Гавриловка айылдык аймагынын аксакалдар сотунун учёттук катталгандыгы жөнүндө күбөлүгү берилет.
13. Гавриловка айылдык кеңеште учёттук каттоодон өткөн Гавриловка айылдык аймагынын сотунун мүчөлөрүнө күбөлүк берилет. Аксакалдар сотторунун төрагасы же мүчөсү соттун курамынан чыгарылган учурда мурда берилген күбөлүк Гавриловка айылдык кеңешке кайтарып алынат жана күчүн жоготту деп саналат.
14. Аксакалдар сотунун иш-аракеттеринин чек аралары өзгөргөн учурда, жаңы түзүлгөн аксакалдар соту бул жобо тарабынан белгиленген тартипте учёттук каттоодон өтөт.
Төрага
А.Т.Ибраимов
Тиркеме № 3
Гавриловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябрындагы №26 токтомуна
Гавриловка айылдык аймагынын аксакалдар сотун учёттук каттоо жөнүндө күбөлүктүн үлгүсү
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
Аксакалдар сотунун учёттук каттоосужөнүндө №____КYБθЛYК
2022- жылдын “____” _________ а. Гавриловка
Бул күбөлүк Сокулук районунундагы Гавриловка айылдык аймагында жайгашкан _____________________________________________________ (Аксакалдар сотунун аталышы) аксакалдар сотуна Гавриловка айылдык кеңеште 2022-жылдын «____»___________№____ учёттук каттоодон өткөндүгү жөнүндө берилди жана Гавриловка айылдык аймагында чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз иш-аракетин жүзөгө ашырат.
Төрага
А.Т.Ибраимов
(кол тамгасы)
М.О
Тиркеме № 4
Гавриловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябрындагы №26 токтомуна
Гавриловка айылдык аймагынын аксакалдар сотунун мүчөсүнүн күбөлүгүнүн ҮЛГҮСҮ
Кыргыз Республикасы
ГЕРБ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АКСАКАЛДАР СОТУ
Сүрөттүн орду
Гавриловка айылдык кеңеши
№ ______КҮБӨЛҮК
________________________________________ (аты-жөнү.)_ ________________________________________ (кызматы)
20__жылдын «___» _______ чейин жарактуу
Кеңештин төрагасы (кол тамгасы)
Эскертүү:
1. Күбөлүктүн мукабасы – кызыл түстө.
2. Мукабадагы соттун аталышы – алтын түстө.
3. Yлгү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын 2002-жылдын 10-декабрындагы чогулушу тарабынан бекитилген аксакалдар сотунун мүчөсүнүн күбөлүгүнүн бирдиктүү үлгүсүнүн негизинде иштелип чыкты.
Төрага
А.Т.Ибраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Аксакалдар соттору жөнүндөЗакон · 05.07.2002 · № 113 · Күчүн жоготкон
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон