# Гавриловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябры № 29 "2022-жылдын 28-январындагы кирешелердин чыгашалардан ашкан эсебинен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Гавриловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябры № 29 "2022-жылдын 28-январындагы кирешелердин чыгашалардан ашкан эсебинен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 29
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042065>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52476/edition/48687/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042065.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гавриловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябры № 29 "2022-жылдын 28-январындагы кирешелердин чыгашалардан ашкан эсебинен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө" токтому (21.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042065

---

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXVIII чакыруунун 10 (кезектүү) сессиясы

2022-жылдын 21-сентябры № 29

2022-жылдын 28-январындагы кирешелердин чыгашалардан ашкан эсебинен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө Гавриловка айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.А.Абадбековдун Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ №266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгынын 4-пункттунун негизинде Гавриловка айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акысына кирешелердин чыгашалардан ашкан эсебинен ай сайын кошумча акча каражаттарын бөлүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гавриловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 28-январындагы №5 “2022-жылдын 28-январындагы кирешелердин чыгашалардан ашкан эсебинен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп эсептелинсин.

2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн 15 муниципалдык кызматкерлерине 01.01.2022-жылга карата бош калдыктан кирешелери чыгашалардан ашып кеткендигине байланыштуу ай сайын 4000 (төрт миң) сом өлчөмүндө эмгек акысына үстөк акча каражаты бөлүнсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С. Становго жүктөлсүн.

Төрага

А.Т.Ибраимов

2022 жылга үстөк акынын эсеби

1

Айыл өкмөт башчысы (Станов Н.С.)

4000

2

Жооптуу катчы (Тюлемишова Т.И.)

4000

3

Бөлүм башчысы (Карымшакова Ж.Б.)

4000

4

Башкы адис (Мамбеталиева В.А.)

4000

5

Башкы адис (Токтонова Б.А.)

4000

6

Башкы адис (Вакант)

4000

7

Башкы адис (Вакант)

4000

Башкы адистер жалпысы:

28000

8

Жетектөөчү адис (Аскарбек к Н.)

4000

9

Жетектөөчү адис (Джумашева Г.Д.)

4000

10

Жетектөөчү адис (Конокалиев А.Т.)

4000

11

Жетектөөчү адис (Самарбекова Ж.У.)

4000

Жетектөөчү адистер жалпысы :

16000

12

Адис (Вакант)

4000

13

Адис (Кашапов М.М.)

4000

Адистер жалпысы :

8000

14

Аскердик эсепке алуу столунун инспектору (Нарынбеков Б.Н.)

4000

15

Аскердик эсепке алуу столунун инспектору (Садырбеков У.Т.)

4000

Аскердик эсепке алуу столунун инспектору жалпысы

8000

Жалпы муниципалдк кызматкерлер

60000

ЖӨБ баардыгы

60000

Гавриловка айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин саны – 15 адам Орточо айылык жумуш күнү – 21

1. Айына зыяндуулугу үчүн (компьютерде иштегени үчүн) - 2635сом

2.айына байланыш кызматтары 65 сом х 21 күн = 1365 сом

ФЭБ башчысы Ж.Б.Карымшакова
