# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-марты № 149 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 305 «Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-марты № 149 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 305 «Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042026>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52444/edition/48650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230042026.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-марты № 149 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 305 «Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (05.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042026

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 5-марты № 149

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 305 «Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Валюталык своп-операцияларды жүргүзүү механизмин өркүндөтүү жана каражаттарды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 305 «Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:

- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«23. Катышуучу валюталык своп-операция жүргүзүүдөн алынган каражаттарды потенциалдуу зайымчылардын долбоорлорун каржылоого же болбосо юридикалык жактардын уставдык капиталына, анын ичинде уставдык капиталга салымды киргизүү же үлүштөрдү (акцияларды) сатып алуу жолу менен инвестициялоого багыттоого, андан ары ыйгарым укуктуу органга каржыланган долбоорлор жөнүндө жалпы маалыматтарды берүүгө милдеттенет.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
