# Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы № 67 “Ижарага берилүүчү айыл чарба багытындагы жерлер жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы № 67 “Ижарага берилүүчү айыл чарба багытындагы жерлер жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042018>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52439/edition/48645/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы № 67 “Ижарага берилүүчү айыл чарба багытындагы жерлер жөнүндө” токтому (22.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042018

---

МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

I-чакырылыштын 11-кезексиз сессиясы

2025-жылдын 22-декабры № 67

“Ижарага берилүүчү айыл чарба багытындагы жерлер жөнүндө”

Жер комиссиясынын Манас айылаймагына караштуу жалпы ижарага берилүүчү айыл чарба багытындагы жерлерди категорияга бөлүп ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын сунушун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 04-13/59 сандуу буйругун эске алып жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 Токтом менен Сокулук райондук агрардык башкармалыгына өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин ижара акысына да тиешелүү болуп эсептелинет. Кыргыз Республикасынын жер кодексин, Кыргыз Республикасынын ”Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралу типтүү жобонун” негизинде Манас айылдык кеңеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жер комиссиясынын сунушу боюнча айыл өкмөтүнө караштуу жана мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлерин ижарага берүүдө жерлердин иш жүзүндө сугат жерлер, сугаруу кыйынчылык жараткан жерлер жана кайрак жерлердин шартына жараша төмөндөгү бааланган суммалардын ижарага акысы аныкталсын:

1)468,3\*30= 14049,0 сом - сугат жерлер, төмөндөгү контурларга тиешелүү:

Контур №27,83,132

2) 468,3\*20= 9366,0 сом – сугаттын жоктугу жерлер, төмөндөгү контурларга тиешелүү:

Контур №8,300,302

3)73,92\*30= 2217,6 сом -кайрак жерлер (салык пайызынын коэффициенттерин эске алып) төмөндөгү контурларга тиешелүү:

4)237,58\*30=7127,4 сом-көп жылдык бак дарактар төмөндөгү контурларга тиешелүү:

Контур № 121, 129

2.Токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Мусурманкуловго жүктөлсүн.

Төрайым

Р.К. Момунова
