Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын парник газдарды инвентаризациялоонун, мониторинг жүргүзүүнүн, отчеттуулуктун, верификациялоонун жана көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук системасы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна тиркеме)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-февралындагы № 133 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын парник газдарды инвентаризациялоонун, мониторинг жүргүзүүнүн, отчеттуулуктун, верификациялоонун жана көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук системасы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын парник газдарды инвентаризациялоонун, мониторинг жүргүзүүнүн, отчеттуулуктун, верификациялоонун жана көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук системасы (мындан ары - Улуттук система) түзүүнүн жана иштешинин укуктук, уюштуруучулук, техникалык жана финансылык негиздерин аныктайт.
2. Улуттук система төмөнкүлөр үчүн негиз болуучу мамлекеттик маалыматтык жана жөнгө салуучу ресурс болуп саналат:
- "2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусунун (мындан ары - Париж макулдашуусу) алкагында Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу;
- улуттук деңгээлде аныкталган салымдын (УДАС) максаттарына жетүүгө мониторинг жүргүзүү;
- Париж макулдашуусунун 6-беренесине ылайык ички жана эл аралык көмүртек рынокторунун иштеши;
- климаттык каржылоону тартуу жана климаттык долбоорлорду ишке ашыруу;
- көмүртектин агып кетишин алдын алуу.
3. Улуттук система иштегенде төмөнкү принциптердин сакталышы камсыздалат:
1) үзгүлтүксүздүк - маалыматтарды чогултуунун, иштеп чыгуунун, верификациялоонун жана көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн туруктуу жана пландуу процессин камсыз кылуу;
2) ырааттуулук - маалыматтардын убакыт ичинде жана секторлор аралык шайкештигин, салыштырмалуулугун жана карама-каршы келбестигин камсыз кылуу;
3) ачык-айкындуулук - методологиянын, жол-жоболордун жана купуя эмес жыйынтыктардын коомчулук жана рыноктун катышуучулары үчүн ачыктыгы;
4) тактык - системалуу жана кокустук каталарды минималдаштыруу, белгисиздиктин деңгээлин төмөндөтүү боюнча туруктуу иш;
5) толуктугу - бөлүп чыгаруулардын, сиңиргичтердин бардык маанилүү булактарын жана климаттык долбоорлордун түрлөрүн камтууну этап-этабы менен кеңейтүү;
6) илимий негиздүүлүк - климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобунун (КӨӨАЭТ) акыркы колдонмолоруна жана эң мыкты эл аралык тажрыйбаларга ылайык келген методикаларды колдонуу;
7) купуялуулук - мыйзамга ылайык коммерциялык жактан сезимтал маалыматты жана жеке маалыматтарды коргоо;
8) экологиялык бүтүндүк - ар бир көмүртек бирдиги реалдуу, өлчөнүүчү, узак мөөнөттүү жана кошумча бөлүп чыгаруулардын азайышын же сиңүүнүн көбөйүшүн билдирет;
9) туруктуулук - жетишилген кыскартуулардын узак мөөнөттүү болушун камсыз кылуу жана кайтарымдуулук тобокелдиктерин минималдаштыруу (айрыкча ЖЖӨТЧ долбоорлору үчүн);
10) пайданы адилеттүү бөлүштүрүү - бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын эсепке алуу жана долбоордон түшкөн пайдага алардын катышуусун камсыз кылуу;
11) кош эсепке алуунун жоктугуна кепилдик - бөлүп чыгарууларды, сиңүүлөрдү жана көмүртек бирдиктери менен операцияларды катуу эсепке алууну камсыз кылуу;
12) жергиликтүү жамааттардын укуктарын сактоо - алардын жерлерин жана ресурстарын козгогон долбоорлор үчүн эркин, алдын ала жана маалымдалган макулдугун камсыз кылуу.
4. Улуттук системанын методологиялык негизи болуп төмөнкүлөр саналат:
- парник газдарынын улуттук кадастрлары үчүн КӨӨАЭТ жетектөөчү принциптери (2006-ж.) жана 2019-жылдагы КӨӨАЭТ такталган жетектөөчү принциптери;
- кадастрдык маалыматтарды жана МОВ системасын берүү боюнча Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясынын (мындан ары - БУУ КӨАК) методикалык көрсөтмөлөрү;
- ISO 14064, ISO 14065, ISO 14066 эл аралык стандарттары;
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыккан улуттук стандарттар жана методикалык сунуштар.
5. Методологияларды колдонуунун бирдейлигин камсыз кылуу максатында андан ары мониторинг, отчеттуулук жана верификация системасы үчүн ISO стандарттарын улуттук мамлекеттик стандарттар (МАМСТтар) катары бекитүү каралган.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
6. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
Улуттук система - Кыргыз Республикасынын аймагында парник газдарын бөлүп чыгаруулар жана сиңүүлөр, ошондой эле аларды кыскартуунун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды системалуу түрдө чогултууну, талдоону, берүүнү, текшерүүнү жана жүгүртүүнү камсыз кылуучу укуктук, институционалдык, техникалык жана маалыматтык механизмдердин жыйындысы; Парник газдарын бөлүп чыгаруулардын жана сиңүүлөрдүн мамлекеттик кадастры (Кадастр) - Кыргыз Республикасынын аймагында парник газдарын бөлүп чыгаруулар жана сиңүүлөр жөнүндө маалыматтарды системалуу түрдө чогултуу, эсепке алуу, талдоо жана берүү үчүн арналган, расмий мамлекеттик маалыматтык ресурс жана Улуттук системанын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген улуттук маалыматтык-аналитикалык система; мониторинг, отчеттуулук жана верификациялоо системасы (МОВ) - парник газдарын бөлүп чыгаруулар жана сиңүүлөр, ошондой эле аларды кыскартуу боюнча чаралар жөнүндө маалыматтарды системалуу түрдө чогултууну, талдоону, берүүнү жана текшерүүнү камсыз кылуучу уюштуруучулук, укуктук, институционалдык, техникалык жана маалыматтык механизмдердин жыйындысы; Улуттук көмүртек бирдиктерин жүгүртүү системасы (УКБЖС) - Кыргыз Республикасынын аймагында көмүртек бирдиктерин түзүүнү, каттоону, жүгүртүүнү, өткөрүп берүүнү, жокко чыгарууну жана отчеттуулукту камсыз кылуучу укуктук, институционалдык, техникалык жана маалыматтык механизмдердин жыйындысы; Көмүртек бирдиктеринин улуттук реестри (Реестр) - көмүртек бирдиктерин каттоо, эсепке алуу, сактоо, жүгүртүү жана жокко чыгаруу, ошондой эле операциялардын ачык-айкындуулугун жана аныктыгын камсыз кылуу үчүн арналган, УКБЖС курамдык бөлүгү болуп саналган мамлекеттик электрондук маалыматтык система; климаттык инфраструктура - Улуттук системанын иштешин камсыз кылуучу укуктук, уюштуруучулук, техникалык, кадрдык, маалыматтык жана финансылык ресурстардын жана механизмдердин комплекси, анын ичинде маалыматтарды чогултуу жана иштетүү системалары, верификация, көмүртек бирдиктеринин реестри, илимий-методикалык камсыздоо, кадрларды кесиптик даярдоо жана климаттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык инструменттер; парник газдары (ПГ) - атмосферада камтылган жана парник таасирине өбөлгө түзгөн газдар, анын ичинде көмүр кычкыл газы (CO2), метан (CH4), азот кычкылы (N2O), гидрофторуглероддор (HFCs), перфторуглероддор (PFCs), күкүрт гексафториди (SF6) жана азот трифториди (NF3); парник газдарын бөлүп чыгаруулар - антропогендик иштин, анын ичинде энергетикада, өнөр жайында, айыл чарбасында, транспортто, таштанды иштетүүдө иштин жана башка процесстердин натыйжасында атмосферага парник газдарын бөлүп чыгаруу; парник газдарынын сиңүүсү - парник газдарынын атмосферадан чыгып, токойлор, топурактар, суу экосистемалары жана башка табигый же антропогендик системалар сыяктуу сиңиргичтерде топтолуу процесстери; бөлүп чыгаруулардын булагы - парник газдарынын атмосферага бөлүнүп чыгышына алып келүүчү процесс, иш же объект; сиңдирүүчү - парник газдарын атмосферадан сиңирүүгө жана аларды көмүртек же башка бирикмелер түрүндө топтоого жөндөмдүү табигый же жасалма система; бөлүп чыгарууларды жана сиңүүлөрдү инвентаризациялоо - КӨӨАЭТ методологияларын пайдалануу менен парник газдарын бөлүп чыгаруулардын жана сиңүүлөрдүн көлөмүн улуттук деңгээлде баалоонун жана эсептөөнүн системалуу процесси; Инвентаризациялоо жөнүндө улуттук баяндама - БУУ КӨАК талаптарына ылайык даярдалган, парник газдарын бөлүп чыгаруулар жана сиңирүүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыган Кыргыз Республикасынын расмий отчету; МОВ субъекти - белгиленген формада жана мөөнөттө парник газдарын бөлүп чыгаруулар жана сиңирүүлөр боюнча маалыматтарды берүүгө жооптуу юридикалык же жеке жак; инвентаризациялык маалыматтар - расмий статистиканын жана башка ишенимдүү маалымат булактарынын негизинде түзүлгөн секторлор, булактар жана сиңирүүчүлөр боюнча парник газдарын бөлүп чыгаруулардын жана сиңүүлөрдүн көлөмдөрүн эсептөөнүн жана баалоонун натыйжалары; бөлүп чыгаруулардын коэффициенти - КӨӨАЭТ методологиясына ылайык аныкталуучу активдүүлүк бирдигине же продукцияга туура келүүчү парник газын бөлүп чыгаруулардын санын мүнөздөөчү чоңдук; Кадастрдын маалыматтарын текшерүү (верификациялоо) - парник газдарын бөлүп чыгаруулар жана сиңирүүлөр жөнүндө маалыматтардын толуктугуна, аныктыгына жана тууралыгына көз карандысыз эксперттик баа берүү; артыкчылыктуу колдонуучу - кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде көмүртек бирдиктердин Улуттук реестринин функцияларына жогорулатылган (административдик) жеткиликтүүлүк берилген, анын ичинде көмүртек бирдиктерин чыгаруу, жоюу жана жокко чыгаруу боюнча кызматтык операцияларды жүргүзүүгө, отчеттуулукту түзүүгө, операцияларды жана эсептерди убактылуу бөгөттөөгө укук берилген адам же адамдардын тобу; Кадастрды жаңылоо - акыркы статистикалык жана илимий маалыматтардын негизинде парник газдарын бөлүп чыгаруулардын жана сиңирүүлөрдүн булактары, көлөмү жана түзүмү жөнүндө маалыматтарды актуалдаштыруу процесси; бөлүп чыгаруулар жана сиңүүлөр боюнча маалыматтардын улуттук архиви - Кадастрдын тарыхый маалыматтарын сактоону, коргоону жана ага жеткиликтүүлүктү камсыз кылган структураланган маалыматтар базасы; көмүртек балансы - Кыргыз Республикасынын аймагында отчеттук мезгилде парник газдарын бөлүп чыгаруулардын жана сиңүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн ортосундагы катыш; климаттык отчеттуулук - Кадастрдын маалыматтарын жана МОВ жыйынтыктарын камтыган, Париж макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруунун алкагында эл аралык уюмдарга берилүүчү расмий документтердин жыйындысы көмүртек бирдиги - климаттык долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн жана мониторингден, отчеттуулуктан жана верификациялоодон өткөн бир тонна көмүр кычкыл газынын эквивалентин (CO2-экв.) кыскартуунун же жок кылуунун (сиңүүсүн) верификацияланган көлөмүн билдирген эсептик бирдик; парник газдарын бөлүп чыгарууларды кыскартуу боюнча долбоор (климаттык долбоор) - парник газдарын бөлүп чыгарууларды алдын алууга, кыскартууга же жок кылууга багытталган, бекитилген методологияга жана МОВ талаптарына ылайык ишке ашырылып жаткан иш; бөлүп чыгарууларды кыскартууну эсептөө методологиясы - климаттык долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында парник газдарынын кыскарышын же сиңүүсүн сандык баалоо үчүн колдонулган жол-жоболордун, параметрлердин жана формулалардын бекитилген топтому; валидация - долбоорду ишке ашырууну баштоого чейин долбоордук документтердин белгиленген талаптарга ылайык келишин көз карандысыз текшерүү; верификациялоо - аккредиттелген верификациялык уюм тарабынан жүргүзүлгөн парник газдарын бөлүп чыгарууларынын кыскарышы же сиңирилиши жөнүндө маалыматтардын аныктыгын көз карандысыз текшерүү; көмүртек бирдиктерин сертификациялоо - компетенттүү орган тарабынан көмүртек бирдиктеринин аныктыгын жана белгиленген талаптарга ылайык келишин расмий ырастоо; көмүртек бирдиктеринин трансфери (өткөрүп берүү) - Реестрде катталган системанын катышуучуларынын ортосунда көмүртек бирдиктерине менчик же ээлик кылуу укугун өткөрүп берүү боюнча операция; көмүртек бирдиктерин жокко чыгаруу - бөлүп чыгарууларды кыскартуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу же башка максаттар үчүн көмүртек бирдиктерин пайдаланууга байланыштуу аларды жүгүртүүдөн чыгаруу жол-жобосу; системанын катышуучулары - ушул Жобого ылайык көмүртек бирдиктери менен операцияларга катышууга уруксат берилген юридикалык жана жеке жактар, мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар; аккредиттелген верификацияланган уюм - ISO 14065 стандартына ылайык климаттык долбоорлорду жана көмүртек бирдиктери жөнүндө маалыматтарды верификациялоо жүргүзүүгө расмий таануусу (аккредитациясы) бар көз карандысыз уюм; көмүртек бирдиктеринин эл аралык трансфери - Париж макулдашуусунун 6.2 жана 6.4-беренелерине ылайык көмүртек бирдиктерин Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосунда өткөрүп берүү; көмүртек рыногу - көмүртек бирдиктерин сатып алуу-сатуу, алмашуу же башкача айландыруу процессинде системанын катышуучуларынын ортосунда келип чыккан мамилелердин жыйындысы; МОВ улуттук маалыматтар базасы - парник газдарынын жана көмүртек бирдиктеринин мониторингине, отчеттуулугуна жана верификациясына байланыштуу маалыматтарды чогултууну, сактоону, иштеп чыгууну жана берүүнү камсыз кылган борборлоштурулган электрондук система; сапатты контролдоо жана сапатты камсыздоо (СК/СК) - МОВ алкагында маалыматтардын тактыгын, аныктыгын жана салыштырмалуулугун жогорулатууга багытталган жол-жоболордун жыйындысы; ПГ инвентаризациялоонун улуттук системасы - парник газдарын бөлүп чыгарууларды жана сиңүүлөрдү эсепке алуу жана талдоо үчүн бөлүнгөн иштин түрлөрүнүн жыйындысы; анын ичинде энергетика сектору; өнөр жай жана продукттарды пайдалануу; айыл чарбасы; жерди пайдалануу, жерди пайдаланууну өзгөртүү жана токой чарбасы (ЖЖӨТЧ); таштандыларды иштетүү; бөлүп чыгаруулардын индикатору - белгилүү бир сектордо бөлүп чыгаруулардын деңгээлин же аларды кыскартуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун мүнөздөөчү сандык же сапаттык көрсөткүч; улуттук ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (ЖРЭТКМ), Кадастрды уюштурууга жана жүргүзүүгө, МОВдун, УКБЖС жана Реестрдин иштешин камсыз кылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерине ылайык эл аралык уюмдарга маалыматтарды берүүгө жооптуу; иши жөнүндө маалыматтар - парник газдарын бөлүп чыгарууларга же сиңирүүлөргө алып келүүчү иштин түрлөрүнүн сандык мүнөздөмөлөрү; туруксуздук тобокелдиги - бөлүп чыгаруулардын же сиңүүлөрдүн кыскарууларынын, өзгөчө ЖЖӨТЧ секторундагы долбоорлор үчүн кайтарымдуулугунун ыктымалдыгы; кошумчалуулук - долбоорлор бөлүп чыгаруулардын кыскарууларына же "адаттагыдай бизнес" шарттарында болбогон сиңүүлөрдүн көбөйүшүнө алып келген принцип; көмүртектик агып чыгуу - өндүрүштүк кубаттуулуктарды өткөрүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары парник газдарын бөлүп чыгарууларды өткөрүү; эркин, алдын ала жана түшүнүү менен макулдук (ЭАТМ) - жергиликтүү жамааттардын укуктарына жана кызыкчылыктарына таасир этүүчү климаттык долбоорлор боюнча чечимдерди кабыл алууга алардын катышуусун камсыз кылуу жол-жобосу; отчеттуулук тармактарынын ортосундагы өз ара байланыштын критерийлери - Кадастрдагы секторлор менен бөлүп чыгаруулардын булактарынын жана экономикалык иштин коддорунун (ЭИТМК, ПМК) ортосундагы шайкештик системасы; ЭИТМК - Кыргыз Республикасынын экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору; ПМК - Кыргыз Республикасынын продукциясынын мамлекеттик классификатору.
3-глава. Улуттук системанын максаты, милдеттери жана иштөө принциптери
7. Улуттук системанын негизги максаты парник газдарынын бөлүп чыгарууларын жана сиңүүлөрүн эсепке алуунун жана көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн бирдиктүү мамлекеттик системасын түзүү болуп саналат, ал төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- климаттык системага тийгизген таасири жөнүндө маалыматтын толуктугу, аныктыгы, салыштырмалуулугу, тактыгы жана карама-каршы келбестиги;
- улуттук жана эл аралык деңгээлде купуя эмес маалыматтардын ачык-айкындуулугу жана жеткиликтүүлүгү;
- климаттык саясат жаатында кабыл алынуучу башкаруу чечимдеринин илимий негиздүүлүгү;
- эл аралык көмүртек рынокторуна катышуу жана ички көмүртек бирдиктеринин рыногун түзүү үчүн негиз;
- климаттык долбоорлордун натыйжаларын верификациялоо жана көмүртек бирдиктерин чыгаруу үчүн ишенимдүү негиз;
- парник газдарынын бөлүп чыгарууларын кыскартууга жана сиңүүлөрүн көбөйтүүгө экономикалык жактан дем берүү;
- төмөн көмүртектүү долбоорлорго жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө инвестиция тартуу.
8. Улуттук системанын милдеттерине Кадастрды, МОВ системасын, КБЖУС жана Реестрди түзүү кирет.
9. Кадастрдын милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча парник газдарынын бөлүп чыгарууларынын жана сиңүүлөрүнүн көлөмүнө сандык баа берүүнү ишке ашыруу;
- парник газдарынын бөлүп чыгарууларынын жана сиңүүлөрүнүн динамикасына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
- парник газдарынын бөлүп чыгаруулары жана сиңүүлөрү жөнүндө расмий статистикалык маалыматты түзүү;
- климаттын өзгөрүшү, жашыл экономика жана төмөн көмүртектүү өнүгүү жаатында мамлекеттик жөнгө салуу чараларын иштеп чыгуу жана түзөтүү үчүн маалыматтык негизди түзүү;
- мамлекеттик органдар, илимий уюмдар жана коомчулук үчүн кадастрдык маалыматтын маалыматтардын ачыктыгы принциптерине ылайык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- көмүртек бирдиктери менен операцияларды эсепке алууну камсыз кылуу жана кош эсепти болтурбоо үчүн Реестр менен интеграциялоо.
10. МОВ системасынын милдеттери:
- булактардын бардык категорияларынан парник газдарынын бөлүп чыгаруулары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле сиңүүлөр жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана иштеп чыгууну камсыз кылуу;
- берилген маалыматтарды верификациялоо системасын, анын ичинде верификаторлорду аккредиттөөнү уюштуруу;
- системанын бардык катышуучулары үчүн мониторингге, отчеттуулукка жана верификациялоого бирдиктүү талаптарды түзүү;
- сапатты контролдоонун жана маалыматтардын аныктыгын камсыз кылуунун көп деңгээлдүү механизмдерин түзүү;
- системанын бардык катышуучуларынын ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
- Реестр үчүн климаттык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу.
11. КБЖУС милдеттери:
- көмүртек бирдиктери менен операциялардын укуктук аныктыгын жана ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;
- көмүртек бирдиктерин чыгаруу, эсепке алуу жана жүгүртүү үчүн инфраструктураны түзүү жана колдоо;
- климаттык долбоорлорду валидациялоо, верификациялоо жана каттоо системасын уюштуруу;
- улуттук жана эл аралык деңгээлде кош эсепти болтурбоону камсыз кылуу;
- климаттык долбоорлордон түшкөн пайданы адилеттүү жана ачык-айкын бөлүштүрүү механизмдерин түзүү, анын ичинде жергиликтүү коомчулуктардын кызыкчылыктарын эске алуу;
- Кадастр жана Реестр менен интеграцияны камсыз кылуу.
12. Реестрдин милдеттери:
- көмүртек бирдиктеринин ички жана эл аралык рынокторунун иштеши үчүн технологиялык жана административдик инфраструктураны түзүү;
- көмүртек бирдиктери менен операциялардын ачык-айкындуулугун, мониторингин жана аныктыгын камсыз кылуу;
- көмүртек бирдиктерин эки жолу чыгарылышынын, эсепке алуунун жана жоюунун алдын алууга кепилдик берүү;
- төмөн көмүртектүү долбоорлорго жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө инвестиция тартуу үчүн шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасынын Париж макулдашуусунун алкагындагы милдеттенмелерин аткарууну жана 6-беренеге ылайык туура эсепке алууну камсыз кылуу.
4-глава. Улуттук системанын түзүмү жана мазмуну
13. Кадастр сектордук принцип боюнча КӨӨАЭТ методологиясына ылайык түзүлөт жана төмөнкүдөй негизги бөлүмдөрдү камтыйт:
§ 1. "Энергетика" сектору Анын ичинде:
- энергетика өнөр жайында отунду күйгүзүү;
- иштетүүчү өнөр жайда жана курулушта отунду күйгүзүү;
- транспортто отунду күйгүзүү;
- отунду күйгүзүүнүн башка секторлору;
- мунайгаз өндүрүү жана ташуу системаларынан чыккан бөлүп чыгаруулар.
§ 2. "Өнөр жай процесстери жана продукцияны пайдалануу" сектору Анын ичинде:
- минералдык өнөр жай (цемент, акиташ, айнек, керамика өндүрүшү);
- химия өнөр жайы;
- металлургиялык өндүрүш;
- галогенделген көмүртектерди жана алты фтордуу күкүрттү (SF6) өндүрүү жана колдонуу;
- электрондук өнөр жай;
- продукцияны өндүрүү.
§ 3. "Айыл чарба" сектору Анын ичинде:
- малдан чыккан бөлүп чыгаруулар, органикалык жер семирткичтер (кык) менен иштөө;
- айыл чарба кыртышынан чыккан бөлүп чыгаруулар (жер семирткичтерди чачуу);
- айыл чарба калдыктарын өрттөөдөгү бөлүп чыгаруулар;
- башка айыл чарба булактары.
§ 4. "Жерди пайдалануу, жерди пайдаланууну өзгөртүү жана токой чарбасы" сектору Анын ичинде:
- токойлор жана токой жерлери;
- жайыттар;
- айыл чарба багытындагы жерлер;
- саздак жерлер;
- кыштак жана башка жерлер.
§ 5. "Калдыктар" сектору Анын ичинде:
- катуу таштандыларды жайгаштыруу;
- саркынды сууларды тазалоо;
- калдыктарды өрттөө;
- калдыктарды биологиялык тазалоо (компосттоо);
- өнөр жай саркынды сууларын агызуу.
14. Бөлүп чыгаруулардын ар бир булагы жана сиңиргич боюнча Кадастрда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
- булактын/сиңиргичтин аталышы;
- КӨӨАЭТ классификациясына ылайык булактын/сиңиргичтин коду;
- жайгашуусунун географиялык координаттары (чекиттүү жана олуттуу тараган булактар үчүн);
- иштин сандык мүнөздөмөлөрү (иш жөнүндө маалыматтар);
- бөлүп чыгаруулардын коэффициенттеринин мааниси, алардын негиздемеси жана булагы;
- эсептөө методу (КӨӨАЭТ классификациясы боюнча 1, 2 же 3-деңгээл) жана анын негиздемеси;
- бөлүп чыгаруулардын/сиңүүлөрдүн CO2-эквивалентиндеги эсептик маанилери;
- белгисиздикти эсептөө методун көрсөтүү менен эсептик маанилердин белгисиздигине баа берүү;
- маалыматтардын убакыт боюнча катары (базалык 1990-жылдан баштап);
- колдонулган методологиянын жана маалымат булактарынын сыпатталышы;
- маалыматтарды верификациялоо жөнүндө маалыматтар (бар болсо).
15. МОВ системасы үч деңгээлде ишке ашырылат:
1. Улуттук деңгээл:
- Кадастрды түзүү жана БУУ КӨАК үчүн улуттук отчеттуулукту даярдоо;
- системанын бардык катышуучуларынын ишин координациялоо;
- методологиялык жетекчилик жана бирдиктүү талаптарды белгилөө;
- эл аралык уюмдар жана реестрлер менен өз ара аракеттенүү.
2. Сектордук деңгээл:
- экономиканын тармактары боюнча маалыматтарды чогултуу, текшерүү жана иштеп чыгуу (энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, калдыктар, ЖЖӨТЧ);
- сектордук статистиканы жана аналитикалык серептерди түзүү;
- өз компетенциясынын алкагында ишканаларды методологиялык колдоо.
3. Чарбалык субъекттердин жана долбоорлордун деңгээли:
- бөлүп чыгаруулардын жана сиңүүлөрдүн баштапкы эсебин уюштуруу;
- корпоративдик отчеттуулукту жана климаттык долбоорлор боюнча отчеттуулукту даярдоо;
- верификаторлор менен өз ара аракеттенүү жана маалыматтарга жетүүнү камсыз кылуу;
- электрондук түрдө отчет берүү.
16. МОВ отчеттуулугунун төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:
1. Мамлекеттик отчеттуулук:
- парник газдарынын ар жылдык Кадастры;
- БУУ КӨАК үчүн эки жылдык отчеттор (BTR);
- климаттын өзгөрүүсү боюнча улуттук билдирүүлөр;
- эл аралык милдеттенмелерге ылайык башка отчеттуулук.
2. Сектордук отчеттуулук:
- парник газдарынын бөлүп чыгаруулары жана сиңүүлөрү боюнча жыйынды сектордук отчеттор;
- тармактар боюнча аналитикалык серептер;
- климаттык факторду эске алуу менен тармактарды өнүктүрүүнүн болжолдору.
3. Корпоративдик отчеттуулук жана долбоорлор боюнча отчеттуулук:
- чарбалык субъекттердин бөлүп чыгаруулар жөнүндө отчеттору;
- климаттык долбоорлордун ишке ашырылышы жана натыйжалары жөнүндө отчеттор;
- верификациялык корутундулар.
17. Отчетту берүүнүн мөөнөттөрү:
- корпоративдик отчеттуулук жана долбоорлор боюнча отчеттуулук - отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартына чейин;
- сектордук отчеттуулук - отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин;
- мамлекеттик отчеттуулук - БУУ КӨАК графигине жана Париж макулдашуусуна ылайык.
18. Отчеттуулуктун бардык түрлөрү авторизациялоону, талаптарды текшерүүнү жана маалыматтарды коопсуз берүүнү камсыз кылуучу ЖРЭТКМ адистештирилген электрондук порталы аркылуу берилет.
19. Көмүртек бирдиктерин жүгүртүү системасынын катышуучулары:
1. Долбоорду иштеп чыгуучулар:
- Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жеке жактар;
- мамлекеттик органдар, көп тараптуу өнүктүрүү банктары, эл аралык уюмдар жана башка кызыкдар тараптар;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- коомдук уюмдар жана кооперативдер.
2. Валидаторлор жана верификаторлор:
- улуттук аккредитациялоо системасында аккредиттелген же ISO 14065 стандартына ылайык эл аралык системаларда таанылган уюмдар;
- белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген көз карандысыз эксперттер.
3. Сатып алуучулар:
- Кыргыз Республикасында же чет өлкөдө бөлүп чыгарууларды азайтуу боюнча милдеттенмеси бар юридикалык жактар;
- эл аралык компаниялар жана финансы институттары;
- көмүртектин нейтралдуулугуна умтулган ыктыярдуу сатып алуучулар;
- мамлекеттик органдар (климаттык милдеттенмелерди аткаруу максатында жоюу үчүн).
5-глава. Органдардын уюштуруу түзүмү жана функциялары
20. Улуттук системанын иштөөсү боюнча жалпы жетекчиликти, иштерди координациялоону жана методологиялык камсыздоону улуттук ыйгарым укуктуу орган жана көмүртек рыногун жөнгө салуучу катары ЖРЭТКМ жүзөгө ашырат.
21. Кадастрды жүргүзүүнү, МОВ системасын администрациялоону жана Реестрди операциялык башкарууну ЖРЭТКМ Парник газдарынын бөлүп чыгарууларынын жана сиңүүлөрүнүн мамлекеттик кадастры департаменти (мындан ары - Департамент) жүзөгө ашырат.
22. Маалыматтардын толуктугун камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда сектордук координаторлордун системасы түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ("Айыл чарба" сектору, "ЖЖӨТЧ" секторунун жер түзүүчүсү, "ӨППП" секторунун агро кайра иштетүүчү түзүүчүсү);
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ("ӨППП" сектору);
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги ("Энергетика" сектору);
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ("Энергетика" секторунун транспорттук түзүүчүсү);
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ("ЖЖӨТЧ" секторунун токой түзүүчүсү);
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ("Калдыктар" сектору);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климатты каржылоо борбору (мындан ары - ККБ) (климаттык долбоорлор боюнча маалыматтар).
23. Сектордук координаторлор төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
- белгиленген мөөнөттөрдө бекитилген секторлор боюнча ишенимдүү жана толук маалыматтарды чогултуу, текшерүү жана берүү;
- алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча консультациялык колдоо;
- Улуттук системанын маселелери боюнча Ведомстволор аралык техникалык жумушчу топтун ишине катышуу;
- берилген маалыматтардын сапатын контролдоо;
- бөлүп чыгаруулардын тармактык динамикасын талдоо жана тиешелүү сунуштарды даярдоо.
24. Улуттук системанын иштөөсүнө мамлекеттик координациялоону жана контролду камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Көмүртек рыногунун маселелери боюнча координациялык комитет (мындан ары - Комитет) түзүлөт, анын ыйгарым укуктары жана функциялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилүүчү жобого ылайык аныкталат.
25. ЖРЭТКМ тарабынан этаптуу тартипте аныкталуучу бөлүп чыгаруулардын олуттуу булактарынын категориясына кирген чарбалык субъекттер төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бекитилген методикалардын негизинде бөлүп чыгарууларды баштапкы эсепке алуу системасын уюштурууга;
- жыл сайын белгиленген мөөнөттө электрондук портал аркылуу анык отчет берип турууга;
- аккредиттелген уюмдар тарабынан верификация жүргүзүү үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга;
- аныкталган бузууларды жана маалыматтардын анык эместигин жоюу боюнча жазма буйруктарды аткарууга.
26. Климаттык долбоорлорду иштеп чыгуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- климаттык долбоорлор үчүн бекитилген МОВ методикаларына ылайык долбоордун натыйжаларына мониторинг жүргүзүү боюнча отчетторду берүүгө;
- климаттык долбоорлордун ишке ашырылышы жана натыйжалары жөнүндө отчетторду берүүгө;
- аккредиттелген уюмдар тарабынан верификация жүргүзүү үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга;
- аныкталган бузууларды жана маалыматтардын анык эместигин жоюу боюнча жазма буйруктарды аткарууга.
6-глава. Жол-жоболор жана механизмдер
27. Бөлүп чыгарууларга жана сиңүүлөргө мониторинг жүргүзүү системасы.
Парник газдарын бөлүп чыгарууларга жана сиңүүлөрүнө мониторинг жүргүзүү методдордун айкалышын пайдалануу менен жүзөгө ашырылат:
- түз өлчөөлөр;
- ири стационардык булактарда бөлүп чыгарууларга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү;
- бекитилген методикалар менен мезгилдүү инструменттик өлчөөлөр;
- сынамдарды тандап алуу жана лабораториялык анализдөө;
- өлчөөчү жабдууларды калибрлөө жана текшерүү;
- эсептөө методдору (көпчүлүк булактар үчүн негизги метод);
- бөлүп чыгарууларды эсептөөнүн эталондук методдору;
- КӨӨАЭТ эмиссиялык факторлорун же улуттук коэффициенттерди пайдалануу;
- баалоонун жана моделдөөнүн статистикалык методдору;
- КӨӨАЭТ колдонмолоруна ылайык 1, 2, 3-деңгээлдеги методдорду колдонуу.
28. Мониторинг жүргүзүү методдоруна карата талаптар.
Мониторинг жүргүзүү методун тандоо төмөнкүлөргө жараша жүзөгө ашырылат:
- өлчөөлөрдү жүргүзүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгүнө жана максатка ылайыктуулугуна;
- алынуучу маалыматтардын тактыгына жана аныктыгына карата талаптарга;
- колдонулуучу методдун экономикалык натыйжалуулугуна;
- КӨӨАЭТ колдонмолорунун сунуштамаларына жана эл аралык тажрыйбага.
Бөлүп чыгаруулардын ар бир булагы үчүн методикалык көрсөтмөлөрдө төмөнкүлөр аныкталат:
- контролдонуучу параметрлердин жана парник газдарынын тизмеги;
- өлчөөлөрдү же эсептөөлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү;
- өлчөөлөрдү же эсептөөлөрдү аткаруунун колдонулуучу методикалары;
- натыйжалардын тактыгына, каталарына жана белгисиздигине карата талаптар.
29. Климаттык долбоордун жашоо цикли.
Долбоордук документтерди иштеп чыгуу:
- бекитилген методологияны тандоо, негиздөө жана зарыл болгон учурда адаптациялоо;
- бөлүп чыгаруулардын базалык деңгээлин эсептөө;
- мониторинг жүргүзүүнүн деталдуу планын иштеп чыгуу;
- экологиялык жана социалдык таасирлерди баалоо, анын ичинде жергиликтүү калк менен консультацияларды пландаштыруу жана ЭАММ алуу.
30. Долбоорду валидациялоо:
- аккредитацияланган уюм (валидатор) тарабынан долбоордук документтердин Улуттук системанын белгиленген талаптарына шайкештигин көз карандысыз текшерүү;
- долбоордун толуктугун, экологиялык бүтүндүгүн жана социалдык кепилдиктердин сакталышын баалоо;
- мониторинг жүргүзүүнүн тандалган методологиясынын жана планынын адекваттуулугун ырастоо;
- долбоорду каттоо үчүн негиз болуп саналган валидация жөнүндө оң корутунду берүү.
31. Ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү:
- иш-аракеттер планына ылайык долбоордук иш-чараларды киргизүү;
- мониторинг жүргүзүү планына ылайык маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултуу жана эсептик документтерди жүргүзүү;
- верификаторго берүү үчүн ишке ашыруунун жүрүшү жана мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчетторду жыл сайын даярдоо.
32. Натыйжаларды верификациялоо жана верификациялык отчет:
- мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтарынын негизинде бөлүп чыгаруулардын/сиңүүлөрдүн жетишилген кыскартууларын аккредитацияланган верификатор тарабынан мезгил-мезгили менен көз карандысыз текшерүү;
- маалыматтардын аныктыгын жана методологиянын сакталышын ырастоо;
- кыскартуулардын верификацияланган көлөмүн көрсөтүү менен верификациялык отчетту тариздөө;
- тиешелүү сандагы көмүртек бирдиктерин чыгаруу жөнүндө верификатордун сунуштамасы.
33. Көмүртек бирдиктерин чыгаруу жол-жобосу.
Реестрде көмүртек бирдиктерин чыгаруу үчүн негиздер:
- валидациянын оң корутундусу бар катталган климаттык долбоордун болушу;
- аккредитацияланган уюмдун оң верификациялык отчетун берүү;
- жергиликтүү калк менен өз ара аракеттенүү жол-жоболорунун сакталышын документтик ырастоону берүү;
- долбоор боюнча кызыкдар жактар тарабынан учурдагы дооматтардын же даттануулардын жоктугу.
34. Көмүртек бирдиктерине карата техникалык талаптар:
- Реестр тарабынан ыйгарылуучу уникалдуу идентификациялык номер;
- булак долбоор жөнүндө толук маалымат (аталышы, тиби, методологиясы, локация);
- чыгарылган датасы жана кыскартуулар алынган отчеттук мезгил;
- долбоордун түрү жана эсептөөнүн колдонулуучу методологиясы;
- валидатор жана верификатор жөнүндө маалымат;
- Кадастрдагы тиешелүү жазмага шилтеме.
35. Чыгаруу көлөмү төмөнкүлөрдүн негизинде аныкталат:
- верификатор тарабынан ырасталган мониторинг жүргүзүүнүн иш жүзүндөгү маалыматтарынын;
- верификациянын натыйжаларынын жана эсептөөнүн колдонулган методологиясынын;
- туруктуу эместик тобокелдигине түзөтүүлөр (ЖЖӨТЧ долбоорлору ж.б. үчүн), эгерде бул методологияда каралса.
36. Көмүртек бирдиктери менен операциялар.
Бирдиктерди чыгаруу:
- оң верификациялык отчеттун негизинде баштапкы чыгаруу;
- долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө кийинки отчеттук мезгилдерде кошумча чыгаруу.
37. Менчик укугун өткөрүп берүү:
- сатып алуу-сатуу келишимдери боюнча сатуу (биржадан тышкаркы бүтүмдөр);
- аккредитацияланган соода аянтчалары аркылуу биржалык бүтүмдөр;
- күрөөгө же трастка өткөрүп берүү;
- акысыз өткөрүп берүү;
- авторизациядан кийин эл аралык трансфер.
38. Бирдиктерди төлөө:
- ички же эл аралык милдеттенмелерди аткаруу үчүн;
- көмүртек изин компенсациялоо үчүн ыктыярдуу түрдө;
- компанияны көмүртек-нейтралдуу катары позициялоо жана маркетинг максаттары үчүн;
- дал келбестиктер аныкталган учурда жөнгө салуучунун чечими боюнча милдеттүү түрдө төлөө.
39. Бирдиктерди жокко чыгаруу:
- валидациялоо, верификациялоо же мониторинг жүргүзүү этабында олуттуу бузуулар аныкталган учурда;
- териштирүүнү изилдөөнүн негизинде ЖРЭТКМ чечими боюнча;
- кош эсеп же чыгаруу ырасталган учурда.
40. Отчеттун мазмунуна карата талаптар.
Отчеттуулук төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- отчеттук уюм же долбоор жөнүндө жалпы маалыматтарды;
- бөлүп чыгарууларды/сиңүүлөрдү эсептөөнүн колдонулган методологиясынын толук сыпатталышын;
- баштапкы маалыматтарды (активдүүлүк маалыматтары, бөлүп чыгаруулардын коэффициенттери) жана эсептик көрсөткүчтөрдү;
- маалыматтардын белгисиздиги жана анын деңгээлин баалоо жөнүндө маалыматтарды;
- бөлүп чыгарууларды азайтуу же сиңүүнү көбөйтүү боюнча чаралар жөнүндө маалыматтарды (долбоорлор үчүн);
- сапатты ички контролдоо натыйжаларын;
- бар болсо - верификация натыйжаларын жана верификациялык корутундуга шилтемени.
41. Көмүртек бирдиктерин эл аралык трансфер.
Эл аралык трансферлер үчүн бирдиктерди авторизациялоо:
- долбоорду иштеп чыгуучунун ЖРЭТКМге авторизация үчүн өтүнмө берүүсү;
- долбоордун улуттук кызыкчылыктарга жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен критерийлерге шайкештигин текшерүү;
- кош эсепти болтурбоо үчүн улуттук эсепке (Кадастр) тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү;
- бирдиктердин конкреттүү көлөмүн трансферлөөгө расмий уруксат берүү.
42. Эл аралык трансферлерди эсепке алуу:
- экспорттоого авторизацияланган бирдиктер үчүн атайын эсептик жазмаларды Реестрде жүргүзүү;
- эл аралык реестрлерде бирдиктердин кыймылын көзөмөлдөө;
- Париж макулдашуусунун 6-беренеси боюнча чечимдерге ылайык БУУ КӨАКка зарыл маалыматтарды берүү;
- кабыл алуучу өнөктөш өлкөлөр менен маалыматтарды үзгүлтүксүз салыштыруу.
43. Маалыматтарды верификациялоо жол-жобосу төмөнкү этаптарды камтыйт:
1. Алдын ала баалоо:
- берилген маалыматтардын жана отчеттуулуктун толуктугун жана формалдуу шайкештигин талдоо;
- белгиленген методикалык талаптарга шайкештигин текшерүү;
- эсептөөнүн колдонулуучу методикаларынын адекваттуулугун жана негиздүүлүгүн баалоо.
2. Пландуу верификация:
- чарбакер субъекттерди жана долбоорлорду иштеп чыгуучуларды көчмө жана камералык текшерүү;
- баштапкы эсепке алуу документтерин, баштапкы маалыматтарды жана жазмаларды талдоо;
- отчеттук субъекттин ички сапатты контролдоо системасын текшерүү;
- эсептик маалыматтарды баштапкы маалымат жана колдонулуучу коэффициенттер менен салыштыруу;
- пландуу верификацияны жүргүзүү мөөнөтү жылына бир жолу белгиленет.
3. Пландан тышкаркы верификация:
- ыйгарым укуктуу органдардын жүйөлүү кайрылуусу боюнча текшерүүлөр;
- олуттуу айырмачылыктар же маалыматтардын анык эместигине шектенүүлөр болгон учурларды териштирүү;
- мурда берилген жазма буйруктар боюнча түзөтүү иш-чараларынын аткарылышын контролдоо.
44. Көмүртек бирдиктерин чыгарууга талапкер болгон климаттык долбоорлордун натыйжаларын верификациялоо милдеттүү болуп саналат жана ЖРЭТКМ менен ККБ биргелешип бекиткен өзүнчө жол-жоболорго ылайык жүргүзүлөт.
45. Верификаторлор төмөнкүдөй милдеттүү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- парник газдарын верификациялоону жүргүзүү үчүн ISO 14065 стандартына ылайык эл аралык аккредитациялоо системасында таанылган же улуттук аккредитациялоо системасында колдонуудагы аккредитациянын болушу;
- маалыматтары верификацияланып жаткан субъект менен кызыкчылыктардын кагылышуусу жок экендигинин документ түрүндө ырасталышы;
- билимге жана тажрыйбага карата белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү;
- ПГ бөлүп чыгарууларды верификациялоо жаатында 3 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасынын болушу.
Верификаторлорго карата квалификациялык талаптар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- экология, айлана-чөйрөнү коргоо, техникалык илимдер, химия тармагында же жакын тармактарда жогорку билим;
- ыйгарым укуктуу орган бекиткен программалар боюнча ПГ бөлүп чыгарууларды верификациялоо боюнча атайын окутуудан өтүү;
- КӨӨАЭТ эл аралык колдонмолорун, улуттук талаптарды жана климаттын өзгөрүүсү жаатындагы мыйзамдарды билүү;
- верификациялык иш-чараларды жүргүзүүдө компетенттүүлүгүн ырастаган сертификаттын болушу.
46. ЖРЭТКМ Улуттук системанын алкагында ишке киргизилген аккредитацияланган верификаторлордун реестрин жүргүзөт.
47. Долбоорду валидациялоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- аккредитацияланган уюм (валидатор) тарабынан долбоордук документтердин Улуттук системанын белгиленген талаптарына шайкештигин көз карандысыз текшерүү;
- долбоордун толуктугун, экологиялык бүтүндүгүн жана социалдык кепилдиктердин сакталышын баалоо;
- мониторинг жүргүзүүнүн тандалган методологиясынын жана планынын адекваттуулугун ырастоо;
- долбоорду каттоо үчүн негиз болуп саналган валидация жөнүндө оң корутунду берүү.
7-глава. Технологиялык жана маалыматтык камсыздоо
48. Улуттук системанын иштешин камсыз кылуу үчүн бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык платформа түзүлөт жана колдоого алынат, ал төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- электрондук портал аркылуу маалыматтарды борборлоштуруп чогултуу, сактоо жана коргоо;
- КӨӨАЭТ методикалары боюнча эсептөөлөрдү кошо алганда, маалыматты автоматташтырылган иштетүү;
- отчеттуулукту белгиленген улуттук жана эл аралык форматтарда түзүү;
- колдонуучулардын ар кандай категориялары үчүн маалыматка жетүү укуктарын чектөө;
- маалыматтарды архивдөө жана алардын өзгөрүүлөрүнүн толук тарыхын жүргүзүү;
- маалыматтарды автоматтык түрдө алмашуу үчүн Кадастр, МОВ системасы менен Реестр ортосунда техникалык интеграциялоо.
49. Платформага карата техникалык талаптар:
- БУУ КӨАК эл аралык отчеттуулук системалары менен шайкештик;
- маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарынын болушу жана үзгүлтүксүз аудиттер менен ырасталган киберкоопсуздукту камсыз кылуу;
- күнү-түнү үзгүлтүксүз иштөөнү жана жогорку жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
- сектордук ведомстволордун, ККБ жана эл аралык реестрлердин маалыматтык системалары менен API-интеграциялоо мүмкүнчүлүгү;
- электрондук санариптик колтамганы колдонуу менен көп колдонуучулук иш режимин колдоо;
- маалыматтардын туруктуу резервдик көчүрмөсүн жана калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
- ыйгарым укуктуу колдонуучулар үчүн күнү-түнү жеткиликтүүлүк;
- киберкоопсуздуктун үзгүлтүксүз көз карандысыз аудиттеринен өтүү.
50. Улуттук системанын функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр колдонулат:
- кадастрдык маалыматтарды даярдоо үчүн БУУ КӨАК расмий программалык камсыздоо;
- КӨӨАЭТ колдонмолору менен шайкеш келген, бөлүп чыгарууларды эсептөө үчүн адистештирилген программалык камсыздоо;
- маалыматтын ишенимдүү сакталышын жана бүтүндүгүн камсыз кылуучу маалыматтар базасын башкаруу системалары;
- маалыматтарды талдоо жана отчеттуулукту түзүү үчүн бизнес-аналитика каражаттары;
- ЖЖӨТЧ сектору боюнча мейкиндик маалыматтарын иштеп чыгуу үчүн геомаалыматтык системалар (ГМС).
51. Реестр коопсуздукту, масштабдуулукту жана кемчиликтерге туруктуулукту камсыз кылган көп деңгээлдүү архитектуранын негизинде түзүлөт:
- маалыматтар деңгээли - бөлүштүрүлгөн маалымат базалары жана репликациясы менен сактоо системалары;
- тиркемелердин деңгээли - бизнес-логика, процесстер жана сервистер;
- сунуштамалар деңгээли - ар кандай категориядагы колдонуучулар үчүн веб-интерфейстер жана API.
52. Техникалык мүнөздөмөлөр жана өндүрүмдүүлүккө карата талаптар:
- күнү-түнү жеткиликтүүлүк (99,9% кем эмес баш тартуусуз);
- операцияларга жооп берүү убактысы 3 секунддан көп эмес;
- кеминде 1000+ бир убакта колдонуучуларды колдоо;
- сактоо сыйымдуулугу - кеңейтүү мүмкүнчүлүгү менен кеминде 10+ жыл операциялык маалыматтар.
53. Реестрдин коопсуздугуна карата талаптар:
- корголгон каналдар боюнча өткөрүп берүүдө маалыматтарды өтмө шифрлөө (TLS 1.3+);
- заманбап алгоритмдерди колдонуу менен сактоодо маалыматтарды шифрлөө;
- бардык артыкчылыктуу колдонуучулар үчүн көп факторлуу аутентификация (2FA/MFA);
- минималдуу зарыл укуктар менен жеткиликтүүлүктүн деталдуу ролдук модели (RBAC);
- көчүрмөлөрдүн географиялык бөлүштүрүлүшү менен үзгүлтүксүз автоматтык резервдик көчүрмөлөө;
- адистештирилген сервистерди колдонуу менен DDoS-чабуулдарынан коргоо;
- кийлигишүүлөрдү аныктоо жана алдын алуу системалары (IDS/IPS);
- жылына кеминде бир жолу үзгүлтүксүз пентесттер жана коопсуздук аудиттери;
- бардык операцияларды жана коопсуздук окуяларын толук протоколдоштуруу жана мониторинг жүргүзүү;
- негизги жана резервдик МИБ Tier III+ деңгээлиндеги корголгон дата-борборлорго жайгаштыруу;
- жайга физикалык кирүүнү катуу контролдоо (өткөрүү системасы, биометрия);
- күнү-түнү видеокөзөмөл жана коргоо сигнализациясы системалары;
- электр менен кубаттандыруунун резервдик булактары (ҮАБ, дизель-генераторлор).
54. Интеграциялык мүмкүнчүлүктөр:
1. Ички интеграция:
- Кадастр жана Реестрдин автоматтык түрдө өз ара аракеттенүүсү үчүн RESTful API;
- верификация маалыматтарын алуу үчүн МОВ улуттук системасы менен интеграциялоо;
- ККБ климаттык долбоорлор реестри менен байланыш.
2. Эл аралык интеграция:
- БУУ КӨАК катчылыгынын стандарттарын жана протоколдорун колдоо (ITL);
- Париж макулдашуусунун 6-беренесине ылайык өнөктөш өлкөлөрдүн реестрлери менен шайкештик;
- түзөтүүчү оңдоолордун механизмдерин колдоо;
- CORSIA системалары жана ыктыярдуу көмүртек стандарттары менен интеграциялоо мүмкүнчүлүгү;
- эл аралык клиринг системаларына катышуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө.
8-глава. Финансылык жана кадрдык камсыздоо
55. Кадастрды жүргүзүү, МОВ системасынын жана Реестрдин иштеши боюнча иштерди каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
- максаттуу эл аралык гранттардын жана техникалык жардамдын;
- эл аралык климаттык фонддордун жана программалардын каражаттарынын;
- климаттык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында тартылган каражаттардын;
- көмүртек бирдиктерин сатуудан түшкөн кирешелердин (климаттык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган бөлүгүндө);
- экинчилик рыногунда жүргүзүлгөн операциялардан комиссиялык жыйымдардын;
- мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын.
56. Улуттук системанын алкагында иш-чаралар системанын иштешине катышкан мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттик ассигнованияларынын чегинде ишке ашырылат.
57. Улуттук системанын иштешине катышкан кызматкерлердин жогорку кесиптик деңгээлин камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр белгиленет:
- квалификациясына жана иш тажрыйбасына карата атайын талаптар;
- эл аралык уюмдарда жана профилдик мекемелерде стажировкаларды камтыган үзгүлтүксүз кесиптик окутуу;
- кадрларды тандоонун конкурстук системасы;
- системанын иштеп жаткан кызматкерлеринин квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу;
- негизги кызмат орундары үчүн кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу жана киргизүү.
Улуттук системанын иштешин кадрдык камсыздоо ушул Жобону ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдардын бекитилген штаттык санынын чегинде жүзөгө ашырылат.
58. Улуттук системанын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында маалыматтарды чогултууга жана климаттык долбоорлорду ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдарда ЖРЭТКМ талаптарына ылайык даярдыктан өткөн адистерди тартуу менен парник газдарынын бөлүп чыгарууларды эсепке алуу жана азайтуу боюнча тиешелүү түрдө окутулган бөлүмдөр/топтор түзүлөт.
59. МОВ, климаттык моделдөө жана верификациялоо жаатындагы адистерди даярдоо жана тартуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
- адистерди туруктуу окутууну жана кесиптик даярдоону уюштуруу;
- илимий-изилдөө институттары жана университеттер менен кызматташуу;
- квалификацияны жогорулатуу программалары жана эл аралык долбоорлорго катышуу аркылуу кадрларга дем берүү;
- эл аралык алмашуу программалары.
9-глава. Эл аралык кызматташтык
60. Кыргыз Республикасы Париж макулдашуусунун 6-беренесине ылайык эл аралык көмүртек рынокторуна катышууну камсыз кылат, анын ичинде:
- Комитет тарабынан бекитилген жол-жоболорго ылайык эл аралык трансферлерге расмий уруксаттарды берүү;
- Internationally Transferred Mitigation Outcomes (ITMOs) катары берилген бирдиктерди каттоо;
- эсепке алууну жүргүзүү жана Реестрде түзөтүүчү оңдоолорду (corresponding adjustments) чагылдыруу;
- Париж макулдашуусунун 6.2, ошондой эле 6.4-механизмин да техникалык колдоо.
61. Көмүртек бирдиктеринин эл аралык трансферин авторизациялоо жөнүндө чечим Комитет тарабынан кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кол койгон расмий уруксат менен таризделет.
62. Көмүртек бирдиктерин өз ара таанууну жана техникалык интеграцияны камсыз кылуу үчүн эл аралык уюмдар жана реестрлер менен кызматташуу жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын аймагында көмүртек рыногу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырган, менчигинин түрүнө карабастан, эл аралык уюмдар жана жеке компаниялар өкмөттөр аралык макулдашууларда каралган биргелешкен комитеттердин алкагында ишке ашырылуучу долбоорлордон тышкары, 2030-жылга чейин көмүртек бирдиктерин сатуудан алынган жалпы кирешенин 10%ын республикалык бюджетке которууну, андан ары аны көбөйтүү мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылат.
63. Көмүртек бирдиктерин өз ара таануу.
Таануу жол-жоболору:
- ISO стандарттарына шайкештикке эл аралык сертификациялоодон жана аудиттен өтүү;
- БУУ КӨАК таанылган реестрлеринин тизмегине киргизүү;
- башка юрисдикциялар менен өз ара таануу жөнүндө эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларды түзүү;
- көмүртек рынокторун өнүктүрүү боюнча эл аралык жумушчу топторго активдүү катышуу.
Өз ара таануу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Реестрде чыгарылган бирдиктерди башка өлкөлөр тарабынан алардын УДАС аткаруу үчүн таануу;
- таанылган чет өлкөлүк реестрлерден сертификатталган бирдиктерди Кыргыз Республикасында таануу (улуттук жөнгө салууга ылайык);
- ата мекендик бирдиктердин эл аралык көмүртек биржаларына катышуусу;
- калыптанып келе жаткан региондук көмүртек рынокторуна интеграциялоо.
10-глава. Сапатты контролдоо, верификациялоо жана белгисиздикти баалоо
64. Улуттук системада сапатты контролдоо үч деңгээлде жүзөгө ашырылат:
1. Сапатты ички контролдоо:
- маалыматтарды чогултуу, эсептөө жана даярдоо этабында системанын түздөн-түз катышуучулары (ишканалар, сектордук органдар, Департамент) тарабынан жүргүзүлөт;
- баштапкы маалыматтардын толуктугун, формалдуу тууралыгын жана логикалык макулдашылгандыгын текшерүүнү камтыйт;
- туруктуу негизде жүзөгө ашырылат, анын натыйжалары ички контролдун протоколдорунда документтештирилет.
2. Сапатты тышкы контролдоо жана верификациялоо:
- аккредитацияланган верификаторлор жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлөт;
- тандалма жана пландуу текшерүүлөрдү, методикаларды жана жол-жоболорду талдоону камтыйт;
- бекитилген жылдык график боюнча же негиздер пайда болгондо пландан тышкары жүзөгө ашырылат.
3. Сапатты эл аралык контролдоо (рецензиялоо):
- БУУ КӨАК эл аралык жол-жоболорунун жана Париж макулдашуусунун алкагында өткөрүлөт;
- улуттук отчеттуулукту эл аралык рецензиялоону камтыйт (Кадастр, BTR);
- БУУ КӨАК эл аралык эксперттери тарабынан ишке ашырылат, анын натыйжалары Улуттук системаны өркүндөтүү үчүн эске алынат.
65. Бөлүп чыгаруулардын бардык негизги категориялары үчүн КӨӨАЭТ колдонмолоруна ылайык белгисиздикти сандык же сапаттык баалоо жүргүзүлөт.
Белгисиздикти баалоо жана эсептөө методдору ЖРЭТКМ тарабынан бекитилет жана системанын бардык катышуучулары үчүн бирдиктүү болуп саналат. Белгисиздикти баалоонун натыйжалары отчеттуулукка милдеттүү түрдө киргизилет жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда, тенденцияларды баалоодо жана артыкчылыктуу категориялардагы белгисиздикти азайтуу боюнча иштерди пландаштырууда эске алынат.
66. Кош эсепти болтурбоо.
Кош эсепти болтурбоонун техникалык механизмдери:
- ар бир көмүртек бирдигине глобалдык уникалдуу идентификаторду берүү;
- өткөрүп берүү боюнча операцияны жүргүзүү убагында бирдикти автоматтык түрдө бөгөттөө;
- жоюлган же жокко чыгарылган бирдиктерди кандай болбосун кайталап пайдаланууга тыюу салуу;
- интеграциялоодо бирдиктердин статустарын эл аралык реестрлер менен автоматтык түрдө синхрондоштуруу.
67. Административдик чаралар:
- Реестрдин жазууларын Кадастрдын маалыматтары менен үзгүлтүксүз автоматтык түрдө салыштыруу;
- операциялардын жана жол-жоболордун ички жана тышкы аудити;
- кош эсепке алуу аракети же башка бузуулар үчүн катышуучуларга санкцияларды колдонуу;
- БУУ КӨАК алкагында эл аралык мониторинг жана отчеттуулук системаларына катышуу.
11-глава. Катышуучулардын укуктары жана милдеттери
68. Улуттук системанын катышуучуларынын укуктары жана милдеттери.
Реестрдеги эсептердин ээлеринин укуктары:
- Реестрде бир же бир нече эсептерди ачуу жана жүргүзүү;
- көмүртек бирдиктери менен уруксат берилген операцияларды жүргүзүү;
- эсептер жана операциялар таржымалы боюнча деталдаштырылган көчүрмөлөрдү алуу;
- веб-портал аркылуу ачык маалыматка жана Реестрдин статистикасына жетүү.
Эсептердин ээлеринин милдеттери:
- Реестрдин регламенттерин жана эрежелерин сактоо;
- каттоо учурунда анык жана актуалдуу маалыматтарды берүү жана аны өз убагында жаңылоо;
- кирүү үчүн маалыматтардын купуялуулугун сактоо жана компрометацияга шектүүлөр жөнүндө дароо билдирүү;
- Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жана коммерциялык сыр жаатындагы мыйзамдарынын талаптарын сактоо.
Операторлордун жана артыкчылыктуу колдонуучулардын укуктары:
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде административдик функцияларга жетүү;
- кызматтык операцияларды жүргүзүү (чыгаруу, жоюу, жокко чыгаруу);
- кызматтык жана расмий отчеттуулукту түзүү;
- текшерүү жүргүзүү үчүн шектүү операцияларды же эсептерди убактылуу бөгөттөө.
69. Кызыкдар тараптардын жана коомчулуктун укуктары:
- долбоорлор жана операциялар жөнүндө купуя эмес маалыматка жетүү;
- коомдук консультацияларга жана угууларга катышуу;
- ЖРЭТКМга даттанууларды жана кайрылууларды берүү мүмкүнчүлүгү;
- байкоочу кеңештерге же комитеттерге катышуу.
12-глава. Корутунду жоболор
70. Ушул Жобонун талаптарын бузууга жол берген, анын ичинде Кадастрды, МОВ системасын же Реестрди жүргүзүү үчүн маалыматтарды бербеген, өз убагында бербеген же билип туруп анык эмес маалыматтарды берген адамдар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
71. Реестр менен иштөө эрежелерин бузуу төмөнкүдөй чараларды колдонууга алып келет:
- жагдайлар аныкталганга чейин эсептерди убактылуу бөгөттөө;
- шектүү же укук ченемсиз операцияларды жокко чыгаруу;
- чыгарылышы негизсиз деп таанылган көмүртек бирдиктерин жокко чыгаруу;
- валидатордун/верификатордун аккредитациясын токтотуп туруу же чакыртып алуу;
- долбоорду иштеп чыгуучу үчүн Улуттук системага катышууга убактылуу же туруктуу тыюу салуу;
- алдамчылык аракеттер аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу.
72. Натыйжалуулукка мониторинг жана баалоо жүргүзүү.
Улуттук системанын иштөөсүнүн натыйжалуулугуна мониторинг Комитет тарабынан натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнүн (KPI) системасынын негизинде жүргүзүлөт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Кадастрдын маалыматтарынын толуктугун жана аныктыгын;
- отчетторду берүү мөөнөттөрүн сактоону;
- чыгарылган жана сатылган көмүртек бирдиктеринин санын;
- тартылган климаттык инвестициялардын көлөмүн;
- жергиликтүү коомчулуктун катышуу деңгээлин;
- эл аралык стандарттарга шайкештик деңгээлин.
73. Жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берүү жана негизги натыйжаларды ЖРЭТКМ расмий порталына жарыялоо менен Улуттук системанын ишинин натыйжалуулугун комплекстүү баалоо жүргүзүлөт.
74. Кадастрдын жыйынды маалыматтары, МОВ системасынын иши жөнүндө отчеттор жана Реестрдин статистикасы мыйзамдарга ылайык купуя маалыматка киргизген маалыматтан тышкары, жыл сайын ачык жеткиликтүүлүктө жарыяланат.
75. Улуттук системада катталган көмүртек бирдиктерин жүгүртүү токой массивдерине жана ага жанаша аймактарга менчик укугунун, узак мөөнөттүү ижаранын же концессиянын пайда болушу, өзгөрүшү же токтотулушу үчүн негиз болуп саналбайт, ошондой эле жергиликтүү калктын жана башка пайдалануучулардын жаратылышты пайдалануунун салттуу укуктарын чектей албайт.
76. Улуттук системаны жүгүртүүнүн катышуучуларынын ушул Жободо белгиленген укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде токойлорду пайдалануу, жерлерди коргоо жана жаратылышты пайдалануунун укуктук режимдери жөнүндө жоболорду сактоо менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
77. Ушул Жобону ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары климаттык иш-чаралардын долбоорлорун иштеп чыгууда жана макулдашууда менчик, ижара, концессия жана салттуу жаратылышты пайдалануу укуктарынын кепилдиктерин эске алууга милдеттүү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-февралы № 133 "Кыргыз Республикасынын парник газдарды инвентаризациялоонун, мониторинг жүргүзүүнүн, отчеттуулуктун…Постановление · 24.02.2026 · № 133
- 2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралууЗакон · 11.11.2019 · № 125