# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-февралы № 133 "Кыргыз Республикасынын парник газдарды инвентаризациялоонун, мониторинг жүргүзүүнүн, отчеттуулуктун, верификациялоонун жана көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук системасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-февралы № 133 "Кыргыз Республикасынын парник газдарды инвентаризациялоонун, мониторинг жүргүзүүнүн, отчеттуулуктун, верификациялоонун жана көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук системасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041993>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52416/edition/48613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041993.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-февралы № 133 "Кыргыз Республикасынын парник газдарды инвентаризациялоонун, мониторинг жүргүзүүнүн, отчеттуулуктун, верификациялоонун жана көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук системасы жөнүндө" токтому (24.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041993

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 24-февралы № 133 Кыргыз Республикасынын парник газдарды инвентаризациялоонун, мониторинг жүргүзүүнүн, отчеттуулуктун, верификациялоонун жана көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук системасы жөнүндө Кыргыз Республикасында көмүртек рыногун түзүү жана өнүктүрүү, көмүртек бирдиктерин эсепке алуунун жана жүгүртүүнүн бирдиктүү мамлекеттик системасын түзүү, парник газдардын чыгарылышын кыскартуу максатында, Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын парник газдарды инвентаризациялоонун, мониторинг жүргүзүүнүн, отчеттуулуктун, верификациялоонун жана көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук системасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын парник газдарды инвентаризациялоонун, мониторинг жүргүзүүнүн, отчеттуулуктун, верификациялоонун жана көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук системасын жүргүзүү боюнча жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору:

1) бул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;

2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору белгиленген тартипте көмүртек бирдиктерин сатуудан түшкөн каражаттарды эсепке алуу жана бөлүштүрүү тартибин иштеп чыксын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 15 (3775) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
