# Бишкек шаарынынын мэриясынын 2026-жылдын 4-февралы № 1-чуа "Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 40 дарегинде жайгашкан Кожомкул Каба уулу атындагы Спорт сарайынын имараттар комплексин жанаша жайгашкан жер участогу менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаарынынын мэриясынын 2026-жылдын 4-февралы № 1-чуа "Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 40 дарегинде жайгашкан Кожомкул Каба уулу атындагы Спорт сарайынын имараттар комплексин жанаша жайгашкан жер участогу менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1-нпа
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041970>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52396/edition/48594/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041970.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаарынынын мэриясынын 2026-жылдын 4-февралы № 1-чуа "Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 40 дарегинде жайгашкан Кожомкул Каба уулу атындагы Спорт сарайынын имараттар комплексин жанаша жайгашкан жер участогу менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (04.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041970

---

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2026-жылдын 4-февралы № 1-чуа

Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 40 дарегинде жайгашкан Кожомкул Каба уулу атындагы Спорт сарайынын имараттар комплексин жанаша жайгашкан жер участогу менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө Шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, социалдык жана спорттук багыттагы объекттерди натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын маданий жана спорттук потенциалын жогорулатуу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу» токтомуна ылайык токтом кылам:

1. Шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 40 дарегинде жайгашкан Кожомкул Каба уулу атындагы Спорт сарайынын имараттар комплексин идентификациялык коду: 1-02-04-0028-0326, аянты 2,4143 га жанаша жайгашкан жер участогу менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мэрдин биринчи орун басары, мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу

М.К. Байгончоков
