# Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 6-августундагы № 46 “Манас айыл аймагынын Афган согушунун ардагерлерине коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөрдөн 100% мөөнөтсүз бошотуу жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 6-августундагы № 46 “Манас айыл аймагынын Афган согушунун ардагерлерине коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөрдөн 100% мөөнөтсүз бошотуу жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041955>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52382/edition/48575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 6-августундагы № 46 “Манас айыл аймагынын Афган согушунун ардагерлерине коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөрдөн 100% мөөнөтсүз бошотуу жөнүндө” токтому (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041955

---

МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

I чакырылыштын 7-(кезексиз) сессия

2025-жылдын 6-августу № 46

“Манас айыл аймагынын Афган согушунун ардагерлерине коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөрдөн 100% мөөнөтсүз бошотуу жөнүндө”

Манас айыл өкмөтүнө Афган согушунун ардагери Токтосунов Абдирасулдун Т-608 13.08.2025-жылы жазган арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2009-жылы 30-декабрындагы №319 Мыйзамынын негизинде Манас айыл аймагынын Афган согушунун ардагерлерине (20 киши) коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөрдүн 100% мөөнөтсүз бошотуу жөнүндө Манас айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Манас айыл аймагынын Афган согушунун ардагерлерине коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөрдөн сууга, таштандыга, саркынды сууларга 100% мөөнөтсүз бошотулсун;

2. Манас айыл аймагынын Афган согушунун ардагерлеринин үй-бүлөөлөрүнө коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөрдөн 100% мөөнөтсүз бошотуу- ЧЕТКЕ КАГЫЛСЫН;

3. МИ “Таза айыл учун” мүдүрү Сатеков Ж.Ж жана башкы эсепчи Асланова С.И токтомдун аткарылышы боюнча эсептөө жүргүзсун;

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү, Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго калтырам.

Төрайым

Момунова Р.К.
