# Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 6-августундагы № 42 “Орто билим берүү мектептеринин аталышын өзгөртүү жѳнүндѳ” токтому

- Толук аталышы: Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 6-августундагы № 42 “Орто билим берүү мектептеринин аталышын өзгөртүү жѳнүндѳ” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041929>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52360/edition/48553/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 6-августундагы № 42 “Орто билим берүү мектептеринин аталышын өзгөртүү жѳнүндѳ” токтому (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041929

---

МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

I чакырылыштын 7-(кезексиз) сессия

2025-жылдын 6-августу № 42

“Орто билим берүү мектептеринин аталышын өзгөртүү жѳнүндѳ”

Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы №519 токтомун карап жана изилдеп чыгып, Кара Кыргыз автономиясынын 100 жылдыгынын негизинде жана мектеп директорлорунун жазган өтүнүч катынын ,ошондой эле Манас айылдык кеңешинин 2025-жылдын 6-августундагы №7 протоколунун негизинде Манас айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Манас айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-сентябрындагы №35 Токтомунун 1-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

№

Мектептердин эски аталышы

Мектептердин жаңы аталышы

1

Ат-Башы мектеп -лицейи

Ат-Башинская школа- лицей

Белек Солтоноев атындагы жалпы билим берүү мектеби Общеобразовательная школа имени Белека Солтоноева

2

Фрунзе №2 орто мектеби

Фрунзенская школа №2

Ыбырайым Абдрахманов атындагы мектеп-комплекси Школа-комплекс имени Ыбырайыма Абдрахманова

3

Раздольный орто мектеби Раздольненская средняя школа

Жусуп Баласагын атындагы мектеп-комплекси Школа-комплекс имени Жусупа Баласагына

4

Комсомол айылындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби Средняя общеобразовательная школа с.Комсомольское

Саякбай Каралаев атындагы жалпы билим берүү мектеби Общеобразовательная школа имени Саякбая Каралаева

5

Төрт-Күл орто мектеби

Торт-Кульская средняя школа

Ибраимов Асан Ибраимович атындагы жалпы билим берүү мектеби Общеобразовательная школа имени Ибраимова Асана Ибраимовича

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго жүктөлсүн.

Төрайым

Р. Момунова
