# Новопавловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-июлу № 17/119 "Новопавловка айылдык аймагынын 2022-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өндүрүш планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Новопавловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-июлу № 17/119 "Новопавловка айылдык аймагынын 2022-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өндүрүш планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17/119
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041925>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52355/edition/48547/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041925.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Новопавловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-июлу № 17/119 "Новопавловка айылдык аймагынын 2022-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өндүрүш планын бекитүү жөнүндө" токтому (25.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041925

---

НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 25-июлу № 17/119

Новопавловка айылдык аймагынын 2022-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өндүрүш планын бекитүү жөнүндө Новопавловка айылдык аймагынын 2022-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өндүрүш планы менен тааныштырган “Новопавловка коммуналдык ишканасы” муниципалдык мекемесинин жетекчиси С. Отунчиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 28-беренелерине ылайык, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Новопавловка айылдык аймагынын 2022-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өндүрүш планы бекитилсин.

2. Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Мурзакматовго жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерди өткөрүп берүүнүн тартибине ылайык, жергиликтүү маанидеги маселелердин аткарылышынын каражаттарын же каржылоо булактарын бир убакта аныктоо жана берүү менен “Новопавловка коммуналдык ишканасы” муниципалдык мекемесине өткөрүп берүү тапшырылсын.

Төрага:

А. Абышев
