# Суу-Башы айылдык кенешинин 2026-жылдын 26-февралындагы №133 "“Суу-Башы айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү” жөнүндөгү Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-мартындагы №50 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө"" токтому

- Толук аталышы: Суу-Башы айылдык кенешинин 2026-жылдын 26-февралындагы №133 "“Суу-Башы айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү” жөнүндөгү Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-мартындагы №50 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө"" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041870>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52309/edition/48489/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу-Башы айылдык кенешинин 2026-жылдын 26-февралындагы №133 "“Суу-Башы айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү” жөнүндөгү Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-мартындагы №50 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө"" токтому (26.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041870

---

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин VlII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

2026-жылдын 26-февралы № 133

“Суу-Башы айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү” жөнүндөгү Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-мартындагы №50 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №662 токтомуна ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2026-жылдын 26-февралындагы №024/24/08-6/125 сандуу чыгыш катын талкуулап чыгып, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-мартындагы №50 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип төмөндөгүдөй баяндалсын:

- мекеме ишканалар үчүн ар бир кызматкерлерге 100сом болуп бекитилсин.

- калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды

эсептөө, тапшыруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-апрелине чейин деп окулсун.

- калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды

төлөө мөөнөтү 2026-жылдын 1-апрелине чейин деп окулсун.

Суу-Башы айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарын бюджетке чегерүүнү, жыйноо жана төлөөгө көзөмөл жүргүзүү жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго милдеттендирилсин.

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

К.Шакиров
