# Новопавловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 7-октябры № 18/129 "01.01.2022-жылга карата кирешелердин чыгашалардан ашып кеткендигине байланыштуу каражаттарды бөлүү жөнүндө "эркин калдык""

- Толук аталышы: Новопавловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 7-октябры № 18/129 "01.01.2022-жылга карата кирешелердин чыгашалардан ашып кеткендигине байланыштуу каражаттарды бөлүү жөнүндө "эркин калдык""
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18/129
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041869>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52308/edition/48487/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041869.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Новопавловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 7-октябры № 18/129 "01.01.2022-жылга карата кирешелердин чыгашалардан ашып кеткендигине байланыштуу каражаттарды бөлүү жөнүндө "эркин калдык"" (07.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041869

---

НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 7-октябры № 18/129

01.01.2022-жылга карата кирешелердин чыгашалардан ашып кеткендигине байланыштуу каражаттарды бөлүү жөнүндө "эркин калдык"

Жамааттык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Новопавловка айыл өкмөтүнүн жана Новопавловка айылдык кеңешинин профсоюз комитетинин жамааттык кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы УП №266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктун жетекчиликке алып, жергиликтүү бюджетти көбөйтүү жолу менен айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин кызматкерлерин материалдык жактан колдоо максатында, Новопавловка айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2022-жылдын 1-январына карата кирешелердин чыгашалардан ашып кеткендигине "эркин калдык" байланыштуу, Новопавловка айыл өкмөтүнүн аппаратынын 28 кызматкерине жана Новопавлов айылдык кеңешинин 2 кызматкерине жалпы 882,8 (сегиз жүз сексен эки) миң сегиз жүз сом өлчөмүндө эмгек акыга 10 (он) миң сом өлчөмүндө ай сайын кошумча каражат бөлүнсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н. С. Мурзакматовго жүктөлсүн.

Төрага:

А. Абышев
