# Новопавловска айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-декабры №19/134 "Мүлк салыгын киргизүү жана зоналык коэффициенттерди бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Новопавловска айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-декабры №19/134 "Мүлк салыгын киргизүү жана зоналык коэффициенттерди бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19/134
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041838>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52281/edition/48454/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041838.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Новопавловска айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-декабры №19/134 "Мүлк салыгын киргизүү жана зоналык коэффициенттерди бекитүү жөнүндө" токтому (15.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041838

---

НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 15-декабры №19/134

Мүлк салыгын киргизүү жана зоналык коэффициенттерди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 3-беренесине ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жергиликтүү кеңештер тарабынан жүзөгө ашырылат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388, 404-беренелери менен имараттар, курулмалар жана бөлмө жайлар үчүн Kz зоналык коэффициенти турак жай жана турак жай эмес мүлккө салык, транспорт каражаттарына салык, жеке участоктон алынган жер салыгы, айыл чарба багытындагы жерлер, калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы бекитилет. Новопавловка айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси Б. Абдылда уулунун сунушун угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылдын 1-январынан тартып турак жай жана турак эмес мүлккө салык, транспорт каражаттарына салык, жеке участокторго жер салыгы, айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы, калктуу конуштардын жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы киргизилсин.

2. Новопавловка айылдык аймагында айыл чарбалык эмес максаттарга, короо-сарайларга жана багбанчылык жерлерге жер салыгын эсептөө үчүн Kz=2,0 зоналык коэффициенти бекитилсин.

3. Ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн салыктарды администрациялоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.

Төрага:

А. Абышев
