Ак-Татыр айылдык кенешинин «Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган жергиликтүү бюджетин долбоорун жана 2027-2028-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 17-февралы № 61 Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган жергиликтүү бюджетин долбоорун жана 2027-2028-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамы негизинде 2022-жылдын 18-январындагы №2 мыйзамынын 16-главасынын 78-беренесине ылайык «жергиликтүү кеңештер бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында» Ак-Татыр айылдык кеңешинин финансы бюджет,жана социальдык-экономикалык өнүгүү,мунципалдык менчик,инвестиция тартуу,мунципалдык жана коомдук транспортту камсыз кылуу,ичүүчү суу,тазалыкты сактоо боюнча комиссиянын кортундусуна ылайык Ак-Татыр айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 25142,4миң сом,2027-жылга божомолу 25899,4 миң сомго,2028-жылга божомолу 26727,1 миң сомго бекитилсин.
2.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.2026-жылга берилүүчү теңдештирүүчү грантын бөлүнүшү 18566,2миң сом деп 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар( атайын каражаттар менен) жалпы 25142,4 миң сом өлчөмүндө
№3 тиркемеге ылайык бекитилсин.(статьялар боюнча тиркелет).
5.Ак-татыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2027-2028-жылдарга божомолу №4 тиркемеге ылайык бекитилсин
6.2026-жылдын жыл башына калган калдыктар 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7.2026-жылга Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 500,0миң сом деп бекитилсин.
8. 2026-жылга Айыл өкмөт аймагында өзгөчө кырдаал катталган учурда өзгөчө кырдаал үчүн 500.0 миң сомго чейин акча каражаты бөлүнүп берилсин.
9.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысыга жүкөлсүн.
10.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,Ак-Татыр айылдык кеңешинин Финансы бюджет жана социалдык- экономикалык өнүгүү,мунципалдык менчик,инвестиция тартуу,мунципалдык жана коомдук транспортту камсыз кылуу,ичүүчү суу,тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссия төрагасы К.Эшмурзаевге жүктөлсүн.
11.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
12.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
13.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тиркеме 11 баракта 2 нускада
Төрага:
Т.Исманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 2