# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 74 (Шарпка каршы биологиялык препараттарды (вакциналарды) берүүчүнү аныктоо тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 74 (Шарпка каршы биологиялык препараттарды (вакциналарды) берүүчүнү аныктоо тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041814>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19710/edition/48429/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041814.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 74 (Шарпка каршы биологиялык препараттарды (вакциналарды) берүүчүнү аныктоо тууралуу) тескемеси (25.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041814

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 25-февралы № 74

Кыргыз Республикасынын аймагында эпизоотиялык бакубаттыкты камсыз кылуу, жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын, анын ичинде шарптын пайда болушунун жана жайылышынын алдын алуу, профилактикалык ветеринардык иш-чараларды оперативдүү жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы үчүн шарпка каршы биологиялык препараттарды (вакциналарды) берүүчүнү белгиленген тартипте аныктасын.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
