# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 60-т (Мамлекеттик маанидеги долбоор статусу бар "Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функциялуу борбор куруу" долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш уюмдардын тизмегин бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 60-т (Мамлекеттик маанидеги долбоор статусу бар "Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функциялуу борбор куруу" долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш уюмдардын тизмегин бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 60-т
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041813>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19709/edition/48428/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041813.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 60-т (Мамлекеттик маанидеги долбоор статусу бар "Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функциялуу борбор куруу" долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш уюмдардын тизмегин бекитүү тууралуу) тескемеси (04.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041813

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 4-февралы № 60-т

Мамлекеттик маанидеги долбоор статусу бар "Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функциялуу борбор куруу" долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Мамлекеттик маанидеги долбоор статусу бар "Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функциялуу борбор куруу" долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн уюмдарга жогоруда көрсөтүлгөн долбоорду ишке ашыруу үчүн арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө кошумча нарк салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы 0 (нөл) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.

3. Бул тескемеде белгиленген салык салуу боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтү 2028-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Begin\_nocompare

Тиркеме

Мамлекеттик маанидеги долбоор статусу бар "Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функциялуу борбор куруу" долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш уюмдардын ТИЗМЕГИ

№

Уюмдун аталышы, СИН

Улуттук инвестициялык долбоордун жана/же мамлекеттик маанидеги долбоордун аталышы

Бекитилген мамлекеттик органдын аталышы

Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктердин түрлөрү

Салыктар боюнча алынган жеңилдиктердин алкагындагы улуттук инвестициялык долбоорлор жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор боюнча уюмдун милдеттенмелери

1

"Кыргыз футбол биримдиги" юридикалык жактардын бирикмеси, СИН 00612201910286

"Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функциялуу борбор куруу" долбоору

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы 0 (нөл) пайыз өлчөмүндө

Долбоордун курулушун белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүү

End\_nocompare
