Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 „2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-февралы № 125 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 "2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгында каралган мамлекеттик башкаруунун жана стратегиялык пландоонун өткөрүлүп жаткан реформаларынан келип чыккан милдеттерге ылайык келтирүү максатында, ошондой эле көрсөтүлгөн Иш-аракеттер планынын айрым милдеттери актуалдуулугун жоготкондугуна байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планында:
- 2-главанын 4-пунктунун 4.1 жана 4.2-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-февралындагы № 14 (3774) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы…Постановление · 22.02.2024 · № 80
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 "2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.06.2025 · № 178
- 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫПрограмма · 22.02.2024 · № 80