# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-февралы № 124 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-февралы № 124 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041803>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52257/edition/48397/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230041803.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-февралы № 124 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (20.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041803

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 20-февралы № 124 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаныбарларды идентификациялоонун эрежелеринде:

- 14, 15-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"14. Бодо малдын, жылкылардын, эшектердин жана качырлардын идентификациялоодон өткөндүгүн визуалдык аныктоо үчүн ээсинин каалоосу боюнча чип тагуу менен бирге эн салуу колдонулушу мүмкүн.

15. Эн салуу суюк азотту колдонуу менен жаныбардын денесинин сол тарабына сан жагына же жаагынын төмөнкү бөлүгүнө (жаактын алдындагы зонага) "i" символун басуу аркылуу жүргүзүлөт.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-февралындагы № 14 (3774) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
