Кыргыз Республикасынын «2025-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы „Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүүнүн биринчи программасы“ кредиттик макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 26-февралы № 20
2025-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүүнүн биринчи программасы" кредиттик макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө
1-берене. 2025-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүүнүн биринчи программасы" кредиттик макулдашуусу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондуна кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2026-жылдын 4-февралында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.