Ак-Кудук айылдык кеңешинин «Ак-Кудук жалпы билим берүү орто мектебине Исаков Садырбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-ноябры № 61/Х111-29
Ак-Кудук жалпы билим берүү орто мектебине Исаков Садырбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 26-ноябрындагы №01-09/3428, катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” Жобонун жетегинде, 2025-жылдын 3-ноябрындагы Ак-Кудук ЖББОМнин педагогикалык кеңешмесинин №5 протоколунун негизинде Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери - Исаков Садырбектин ысымы Ак-Кудук жалпы билим берүү орто мектебине ыйгарылсын.
2. Ак-Кудук жалпы билим берүү орто мектеби “Исаков Садырбек атындагы жалпы билим берүү мектеби” деп аталсын.
3. Ак-Кудук жалпы билим берүү мектебине Исаков Садырбектин ысымын ыйгаруу боюнча бардык тиешелүү болгон иш кагаздарды талапка ылайык келтирүү үчүн мамлекеттик мекемелер менен мыйзамдуу иш чараларды алып баруу жагы мектеп директору Г.Д.Осмоновага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ак-Кудук айылдык кенешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Дж.Маванкуй
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-марты № 149 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана…Постановление · 25.03.2025 · № 149